Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:18

Израил палестиндер менен тынчтыкка жетүү үчүн жер маселесинде чегинүүлөргө барууга аргасыз


Бул тууралуу бүгүн Израилдин өкмөт башчысы Ариэль Шарон билдирди:
- Мен оор чегинүүлөрдүн зарылдыгы жөнүндө мурда да айткам. Акыр аягында биз азыр турган жерлердин баарында калбашыбыз ачык. Ок атышууну токтотуудан башталып, тынчтыкка жана бейпилдикке алып баруучу туруктуу макулдашууга жетүү үчүн мындан алар да, биз да качып кутула албайбыз.
Бирок Ариэль Шарон конуштарды көчүрүү качан жана кайсыл жерлерде болоорун айткан жок. Жакында АКШ Израилге берилүүчү каржылык жардамды кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алган. Вашингтон Израилдин талаш жерлерде конуштарды жана Израил менен палестин аймактарын бөлгөн коопсуздук дубалын куруусуна нааразы. Израил өкмөт башчысы Ариэль Шарон коопсуздук дубалын куруу улантылаарын бүгүн кайрадан ырастады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG