Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Зураб Жвания Грузиянын Мамлекеттик министри болуп бекитилди


Өкмөттөгү экинчи чоң кызматка дайындалган Зураб Жвания - президенттин милдетин аткаруучу Нино Буржанадзенин саясий өнөктөшү. Парламент анын талапкерлигин бир добуштан колдоду. Грузин депутаттары бүгүнкү жыйынында парламентке жаңы шайлоо өтүүчү жана президенттик шайлоого катышуучу талапкерлерди каттоо аяктоочу күндү да белгилеши керек. Өлкөнүн Жогорку соту 2-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Ал эми кечээ Михаил Саакашвили мамлекет башчылыгына мурдагы президент Эдуард Шеварднадзени бийликтен кетүүгө аргасыз кылган грузин оппозициясынын атынан жалгыз талапкер болуп көргөзүлгөнү жарыяланды. Президенттик шайлоо 4-январда болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG