Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

Бейшембиде Кыргызстандагы бир катар укук коргоочу уюмдар «Арнамыс» партиясынын азыр камакта жаткан төрагасы Феликс Куловду бошотууну талап кылып пикетке чыгышты. Аны өткөрүүгө «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму менен Демократияны өнүктүрүү фонду демилгечи болушту.

Эртең мененки саат 9.30да Өкмөт Үйүнүн алдына чогулган укук коргоочулардын пикети 1,5 саатка созулуп, ага катышкандардын жалпы саны 30 чакты адам болду. Алардын арасында Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеев, Замира Сыдыкова, Турсунбек Акун жана саясий партиялардын өкүлдөрү болушту. Пикетчилер «Куловго боштондук!», «Биз демократиялык реформалар үчүн!», «Мен бул өкмөттү тандагандан кийин анын отчет беришин талап кылууга укуктуумун», «Барскоон, Аксы чечилсин!» деген жана башка талаптар жазылган плакаттарды көтөрүп турушту. Алардын бири, КДК партиясынын лидерлеринин бири Жыпар Жекшеев пикеттин максаты тууралуу мындайча билдирди:

- Феликс Куловдун мыйзамга сыйбаган саясий негиз менен камакта олтурганы элдин баарын тынчсыздандырып жатат. Убакыт улам өткөн сайын Кыргызстандын атуулдарынын тынчы кетип аткан кези. «Качан чыгарат?» деген ой баарын түйшөлтүп жатат. Бийлик бул маселени чечиши керек. Себеби, эл аралык уюмдар жана ири мамлекеттер да ушундай талапты коюп жатышат. Биз дагы кез-кезде чогулуп, бийликтин көңүлүн буруп турушубуз керек жана адамдар өз талаптарын, өз ой-пикирлерин ачык айтканга үйрөнүшү зарыл. Азыр Грузияда болгон окуя оппозициядагы адамдардын баарына чоң дем, ишеним берди. Демек, «эч кандай согушсуз эле адилет күрөш менен бийликти өз ордуна коюп, бардык адамдар мыйзамдын алдында тең укуктуу болгудай коомду түзүүгө мүмкүнчүлүк бар экен» деген ишеним пайда болду.

Ал эми пикетти уюштурууга демилгечи болгон «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова «пикетчилердин талабы бийлик менен президентке таасир берип, Куловдун бошотулушуна өбөлгө түзөт» деген бекем ишенимде экендигин билдирди.

- Таасир көрсөтүүгө тийиш. Анткени алдыңкы өлкөлөрдө өкмөттүн кандай болуш керектигин атуулдар гана чечет. Бул багытта Кыргызстанда да ийгиликтер болуп атат. Ушундан улам пикет сөзсүз таасир тийгизиши керек! – деди Төлөкан Исмаилова.

Пикетке жогоруда аттары аталган уюмдардын жана «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрүнөн тышкары пенсионерлер, студенттер да катышты. Атын атабоону өтүнгөн студенттердин бири пикетке жалаң эле Феликс Куловдун бошотулушун талап кылып келбестен, жалпы демократия жана адам укуктарын коргоо боюнча коомдук аң-сезимди калыптандыруу үчүн келгендигин айтты.

- Кыргызстандын атуулдары өз укуктарын билип, аны пайдаланышы керек, - деди ал. - Бүгүн мен өзүмдүн ой-пикиримди айткым келди. Бул менин укугум. Мындай укук ар бир атуулга берилген. Ошондуктан мен ушул жерге келип, «Саясий куугунтукка жол жок!» деген талап жазылган плакатты кармап турам. Бул эмнени билдирет? Бул биздин жашоону оңдоого болгон аракетти билдирет. Биздин саясий жашообуз анча деле жакшы эмес, ошого карабастан укуктар сакталыш керек. Эгерде биз кандайдыр-бир иш-аракеттерди жасабасак, биздин жашоо жакшы жакка барбайт. Ошондуктан биз жашообузду оңдош үчүн өз ой-пикирибизди айтып турушубуз керек.

Өкмөт Үйүнүн жанына пикетчилер менен кошо жоон топ милиционерлер, Биринчи Май районунун прокурору, ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана кар чогулткан машиналарды коштогон жумушчулар келишти. Тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү буга чейинки пикеттердегидей укук коргоочулардын аракеттерине эч кандай тоскоолдук кылышкан да жок, алардын аракеттеринин мыйзамдуу же мыйзамсык экендиги тууралуу түшүндүрмө беришкен да жок. Ал тууралуу сураган журналисттерге райондун прокурору Кеңешбек Токтомамбетов «көчөдө эч кандай түшүндүрмө бере албайм» десе, ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Петр Тяблин «Кыргызстандын Конституциясында «ар ким өз пикирин билдире алат» деп жазылган» деп, журналисттерге Конституцияны жакшылап окуганга кеңеш берди.

Пикетчилер турган жерде кар күрөгөн машиналардын демейдегиден өзгөчөлөнүп, тынымсыз иштегендигин пикетчилер акцияга тоскоолдук кылыш үчүн атайын жасалган иш-чара катары баалашты. Ага Биринчи Май районунун акими Токон Шайлиева төмөнкүчө жооп узатты:

- Эми ушу туура эмес да! Жалаң эле Өкмөт Үйү эмес, жалпы эле «Алатоо» аянтына кечээ кар калың түшүп, калыңдыгы 20 сантиметрден ашты. Ошону тазалайлы деп техника алып келип, карды чыгартып атабыз. Себеби, дагы бир катуу суук болсо булардын баары муз болуп, тоңуп калат. Болгон аракетибиз ушу. Карды чыгарбай койсок «мынакей, борбордогу Биринчи Май районунда калың түшкөн карды жыйнап коюшпайт» деп айтышат. Туурабы?

Пикет учурунда 7 коомдук уюмдун жетекчилери президентке Феликс Куловдун бошотулушун талап кылган кайрылуу даярдашты. Анын демилгечилеринин бири Топчубек Тургуналиев кайрылуу президентке жума күнү жөнөтүлөөрүн билдирди.
XS
SM
MD
LG