Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:56

ЭРДОГАН: ТЕРРОРЧУЛУК МЕНЕН ДИНДИН КАЙНАСА КАНЫ КОШУЛБАЙТ


Аким Өзгөн, Измир, Түркия Ноябр айында Стамбул шаарында Израилдин жана Британийанын объекттерине карата жасалган террордук жардыруулардан улам, “исламдык террор” жана “маданийаттардын кагылышуусу” делинген маселе кайра козголуп, Түркиядагы сайасий жана интеллектуалдык чөйрөлөрдө бул тууралуу кызуу талаш-тартыштар жүрүп жатат.

Түркийа Жумуруйаты, өзүнүн 80 жылдык тарыхындагы чонг маанилүү бурулуш учурлардын бирин баштан өткөрүп, бир чети Евробиримдике мүчө болуу аркылуу батыштын өнүккөн маданий өлкөлөрүнүн катарына кошулууга умтулуп жатса, дал ошол эле да, секулйардык тартиптеги бир мусулман мамлекет катары, ислам дини менен демократийа бирдикте жашай ала тургандыгын далидөөгө тырышып келе жатат.

Башкаруудагы Адилет жана өнүгүү Партийасынын лидери, премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өкүмөтү Евробиримдинке алып бара турган жолдо кийинки бир жылдын аралыгында арымдуу кадам шилтеп, өлкөнүн коомдук, сайасий жана укуктук системасында түпкү тамырынан бери өзгөрүү киргизүүгө багытталган реформаларды жүргүзүп келе жатат.

Дал ушул учурда Стамбулда болгон жардыруулар жана алардын жоопкерчилигин радикалдуу динчил террор уйушмалардын өзүнө алуусу “маданийаттардын кагылышуусу” делинген тезисти кайрадан күн тартибине киргизди. Евробиримдикке мүчө кээ бир өлкөлөрдүн сайасатчылары Түркийанын биримдикке мүчө болуу жарайанын тездетүү жөнүндө үндөсө, айрымдары, андай кадам Түркийа менен бирге террорчулук аракеттерди Европалык биримдикке алып келиши ыктымал деген пикирлерди билдиришти.

Премьер-министр Эрдоган болсо ислам дини тынчтыкка, бейпилдикке жана сабырдуулукка чакырган бир дин экендигин белгилеп, айрым европалык сайасатчылардын исламга каршы пикирлери менен келишүүгө болбой турганын айтты.

Эрдоган Мармара Университетинин Дин таануу факултетинин кору тарабынан уйуштурулган аземде чыгып сүйлөп, асыресе кийинки жылдарда ислам менен террорду бирин-бирине кошуп байандоого далаалат жасалып, айрым чөйрөлөр террорго аныктооч катары “исламдык” сөзүн колдонгусу келгендигин айтты:

- - Исламдык террор деген сөздү укканымда, бул менин канымды кызытып, тынчымы алып жатат. Буга мен чыдай да албайм, мындай мамилени көтөрө да албайм.

“Мындан илгерки жылдарда, бирөө чүчкүрсө эле журтчулук жапырт тумоого кабылат болчубуз” деп сөзүн уланткан Эрдоган, өзүнүн өкүмөтүнүн башкаруусу астында өлкө талпынып, бутуна тура баштаганын; бардык ушул окуйаларга карабастан, өлкөнүн экономикалык параметрлеринде кандайдыр бир тетири тенденцийа байкалбаганын бышыктады. Бул, премьердин пикиринде, Түркийада бейкапарлыктын жана туруктуулуктун кырдаалы түзүлүп калганын далилдейт.

Эрдоган исламга эле эмес, башка ар кандай диндерге да террордун “аныктоочтук” кейпи кийгизилгенине макул болбостугун баса белгиледи:

- Кандайдыр-бир бир илимий тактоо болбой туруп эле, атайылап муну кайталай берүүнүн артында кандайча карасанатай максаттар бар экенин ар ким даана билип олтурат.

Премьер министр Режеп Тайып Эрдогандын мындай сөздөрү бир канча күндөн бери басма сөздөрдө кызуу талкуу жаратты. Айрым серепчилер анын көз карашына жакын пикирлерин жазып чыкса, айрымдары Эрдоганды 60тай адамдын өлүмүнө себепкер болгон кийинки жардыруулар менен байланыштуу “исламдык террорчулукту” айыптап чыга алган жок деп сынга да алышты.

Өзүнө каратылган сын пикирлерге жооп кайтарып, Эрдоган: “Биздин динибизде бир кишинин өмүрүнө кол салыш Кудай Тааланын Жаратмандык ишине, жалпы адамзатка кол салуу дегендикке жатат. Христийан же еврейлердин арасынан болгон өңдүү, мусулмандардын ичинен да террористтер чыгышы мүмкүн; ошол диндердин ичинен бир террорист чыкканда, террордун өзүн эмес, ошол динди сындаш керекпи?” - деди. Премьер-министр Эрдоган италиялык журналист Антонио Феррари менен өткөрүлгөн жеке майегинде: “Стамбулдагы кийинки террордук чабуулдар себептүү, Евро-Биримдик келээрки жылдын декабр айында Түркийанын мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн башталуу датасын белгилөөсү керек”, - деп айткан. “Эмне үчүн жардыруулар менен байланыштуу “ал-Кайиданын” атын атабай жатасыз?” – деп берилген суроого Эрдоган мырза: “Тергөө жумуштары бүтүндөй жыйынтыктала электе кандайдыр бир уйумдун атын атоого болбойт”, - деп жооп кайтарган.
XS
SM
MD
LG