Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮ ЭКОНОМИКАЛЫК КЫРДААЛДЫ КАРАШТЫ


27-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет жана экономикалык саясат комитети бир катар министрлердин катышуусу менен өлкөдөгү экономикалык кырдаалды талкууга алды. Анын жүрүшүндө бир катар маселелерди 2-декабрда баштала турган сессиянын кароосуна алып чыгуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Бюджет жана экономикалык саясат комитетинин жыйынында финансы министри Болот Абилдаев, Мамлекеттик мүлк боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Равшан Жээнбеков жана тышкы соода жана өнөр жай министринин биринчи орун басары Кабылбек Жумалиев маалымат беришти. Бардык министрлер негизинен көрсөткүчтөрү планга жеткенин, жетпей калганына жыл аягына чейин жетишээрин билдиришти. Мамлекеттик мүлк боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Равшан Жээнбеков менчиктештирүүдөн быйыл 234 млн. сом, мамлекет көзөмөлдөгөн акционердик коомдордон 11 млн. сом дивиденд түшкөнүн, бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу алда канча көп экенин билдирди.

Депутаттарды Жээнбековдун сөзү ынандырган менен, калган эки министрликтин, жалпы эле өкмөттүн иши кескин сынга алынды. Эл өкүлдөрү «өкмөт системалуу түрдө иштебей жатат» деген кине коюшту. Буга алар «Айдан фарма» менен «Жылдыз шпарта» ишканаларында түзүлгөн кырдаалды мисал келтиришти. Депутат Аскарбек Эрматовдун айтымында, 10 млн. долларга Пакистандан насыя алган «Айдан фарма», 8 млн. маркага Германиядан насыя алган «Жылдыз шпарта» ишканаларынын тагдырын чечүү боюнча былтыр депутаттар сунуш киргизишкен, бирок ушул кезге чейин ал маселе ордунан козголгон эмес.

Ал эми депутат Болотбек Шерниязов экспорт менен импортту эсептөөдөгү кемчиликтерди козгоду.

- Кытайдын Бажы комитетинин маалыматы боюнча, 2001-жылы Кыргызстандын бул өлкөгө экспорту 42 млн. долларды, ал эми Кыргызстандыкы боюнча 13 млн. долларды түзгөн. Былтыр болсо Кытайдын эсеби менен Кыргызстандын Кытайга экспорту 55 млн. долларды, Кыргызстандын Бажы комитетинин эсеби боюнча 35 млн. долларды түзгөн. Ортодо эсепке алынбаган сумма 1 млрд. сомдон ашып кетип жатат. Импортто мындан көп каражат эсепке алынбай жатат. Алар кайда кетип атат? Бажы комитетин «Кошелок» деген, дагы башка бирөөлөр башкарууда. Урматтуу министр мырзалар, депутаттар күлө турган эмес, ыйлай турган убак болуп жатат, - деди Болотбек Шерниязов. Бирок анын бул сөзү жоопсуз калды.

«Электр энергиясы үчүн дебитордук карыздарды, банктар аркылуу берилген насыяларды кайтаруу жагы кандай болуп жатат?» деген депутаттардын суроосуна финансы министри Болот Абилдаев жооп берди. Министр бул багытта көрүлүп жаткан иш-аракеттер натыйжасыз болуп жатканына кейиди.

- Насыяларды кайтарууда эч нерсе кыла албай жатабыз. Соттун чечими аткарылбай жатат, - дейт Болот Абилдаев.

Спирт өндүрүүчү «Бакай» фирмасы өткөн жылга салыштырмалуу өндүрүш көлөмүн дээрлик 100 млн. сомго көбөйтүп, быйыл 339 млн. сомго жеткирген. Бирок былтыр отчетунда «26 млн. сом пайда көргөнбүз» деп жазса, быйыл отчетунда эч кандай пайда көрбөгөнүн чагылдырууда. «Мунун сыры эмнеде?» деген депутат Аскарбек Эрматовдун суроосуна жооп болгон жок. Ал ««Бакайды» депутаттык комиссия иликтеп көрүшү керек» деген сунушун айтты.

Ал эми депутат Жаныш Рүстенбеков болсо жогорку окуу жайларынын студенттерине сынакта суроо бергендей министрлерге жарыша оор суроолорду бере бербөөнү, анткени булар баары бир маселени чечпесин кесиптештерине тамаша иретинде эскертти. Жыйындын соңунда депутаттар өкмөттүн экономикалык саясатын 2-декабрда боло турган сессиясында кеңири кароону чечишти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG