Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

ОРУСИЯ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО БЕЛЕНДЕНҮҮДӨ: БАШКЫ КЕП – ДОБУШ САНАКТЫ ЫЛАЙЫКТУУ КЫЛЫП ЧЫГАРУУДАБЫ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Бүгүн орусиялык парламенттин төмөнкү палатасы – Мамлекеттик думанын депутаттары акыркы жолку отурумун өткөрүштү. Декабрдын алгачкы жекшембисинде өлкөдө Мамдуманы кайра шайлоо болот. Айрым анализчилер чыгарган жыйынтыкка караганда, 7-декабрда өтүүчү шайлоо көп сандаган шайлоочуларды анча кызыктырбайт. Өлкөдө саясий багыттын мурдагыдай бойдон кала кала бериши орусиялыктарда шайлоого карата ирээнжиген маанай жаратты, - деп жазат «Эркин Европа жана Азаттык» үналгысынын кабарчысы Жереми Бранстен.

Орусиялык шайлоочулар Мамдуманы кайра шайлоого чындап эле кызыгышпайбы? - деген суроого калк арасында кандай кеп бар экендигин териштирген макаланы “Азаттыктын” кабарчысы Жереми Бранстен жазган. Ал кайрылган Бүткүл орусиялык коомдук пикирди иликтөө борбору (ВЦИОМ) жакында 40 региондо жашап аткан 1600 кишини сурамжылап, анынт жыйынтыгын дал ушундайча мүнөздөгөн. Сурамжылоого катышкандардын 70 пайызы добуш берсемби бербесемби деген эки анжы маанайда болуп чыккан. “Барып добуш беремин” деп кесе айткандар 6 пайызды гана түзгөн.

Мунун себебин ВЦИОМдун жетекчиси Юрий Левада мындайча түшүндүргөн:

- Эл эмнеге кызыгат? Бул шайлоодон эч ким эч кандай жакшылык күтпөйт. Өлкөнүн бараткан багыты өзгөрүлбөдү. Өлкөнү башкарып аткан кишилердин курамы да алмашпады. Муну элдин баары билет. Ошол себептүү шайлоого анча кызыгышпайт. Муну аңдап билүү анча деле кыйын эмес.

Советтик режим бар кездегидей кылып добуш берүүчүлөрдүн эсебин 99,9 пайызга чейин жеткирүү - азыркы тушта мүмкүн болбой калган. Бирок эски адатка салып, шайлоочулардын артынан сая түшүү - орусиялыктарды ого бетер шайлоодон үркүтүүдө. Маселен, мен жашаган үйдө күнүгө почто кутубуздан үгүт катын алабыз. Маселен, эртең менен мен ишке келатып, Грызлов, Шойгу, Лужковдордун колдору коюлган ачык кат алдым. Эстон кесиптешим да ушундай эле үгүт катты мурдакүнү коммунисттерден алганын азыр эле айтып олтурду.

Орусияда элдин эң көп катышуусу менен өткөн шайлоо 1996-жылы орун алган. Шайлоочулардын жигердүүлүгүнүн себебин анализчилер ал кездеги коммунисттер менен демократиялык жолго бет алган Борис Ельциндин жактоочуларынын ортосундагы кезектеги таймаштан улам болгон деп түшүндүрүшөт.

Бирок президент Ельциндин тушунда, 1993-жылы декабрда кабыл алынган жаңы конституция, Москвадагы стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Андрей Пионтковский айтканына караганда, президент Путин бийликке келгенден тартып күчүн жоготкон.

Мамдумада Путинди жактаган партия көп орунга ээ болгондуктан, Кремлдин кожоюну айтканын кылып, калган партиялардын демилгеси суу кечпей калган жагдайды пайда кылган. Ага кошумча, парламенттин жогорку палатасы таркатылып, кайра уюшулгандыктан, парламент Орусияда бийликтин көзүн карачу мыйзам чыгаруу органына айланган. Ошол себептүү төмөнкү палатанын кайра шайланышы орусиялыктарды кайдигер калтырып анча кызыктырбайт, деп эсептейт Пионтковский:

- Төрт жыл ичинде Мамдума кандай иштегендигин эл көрдү. Алар Путиндин “башкарылма демократия” концепциясы кантип турмушка ашканына күбө болушту. Кыскасы, алар Мамдумада эч кандай саясий турмуш, эч кандай саясий күрөш болбой турганын көрүштү.

7-декабрда өткөрүлгөн жаткан шайлоо жөнүндө сөз болгондо, азыр орусиялыктардын оозунан качандыр-бир кезде Иосиф Сталин айткан: «Кеп добуш бергендердин көп же аз келгенинде эмес, кеп - алардын эсебин чыгарышта», - деген сөз улам-улам кайталанчу болду.

Социалдык жараяндарды изилдөө жана алдын-ала айтуу борборунун илимий жетекчиси Леонид Кеселмандын айтканына караганда, шайлоочулардын бир тобу добуш берүүнү “өз милдетим” деп эсептейт. Азыр алар орусиялыктардын 16 пайызын түзөт. Экинчи тобу - арсар жүргөндөр. Алар добуш берүүчүлөрдүн 33 пайызынан көбүрөөк. Ошол ыргылжың болгондордун жарымы эле келип бергенде “шайлоо өттү” деп айтуууга болот. “Бирок Санкт–Петербургда губернаторду шайлаганда «таш салууга милдеттүүмүн” дегендер гана келип, калган жааты шайлоого келбей коюп, капилеттен татаал кырдаал пайда болгон», - деп эскертет Кеселман мырза.
XS
SM
MD
LG