Британия полициясы кечээ күнү кечинде Англиянын батышында бир шектүү адамды камакка алды, анын үйүндө жардыруучу заттар табылды. Полициянын ишениминде, ал адам "ал-Каида" аттуу террордук уюм менен байланышкан. Үстүбүздөгү жылдын башында Британияда Усама бин Ладендин жолдоочусу деп күнөөлөнгөн Ричард Рейд өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылууга кесилген.