Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Грузия өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү дайындалды


Грузия парламенти кечээ күнкү жыйынында жаңы парламенттик шайлоонун күнүн дайындай алган жок. Өлкөнүн мамлекеттик министри болуп Зураб Жвания бекитилди, бул кызмат президенттен кийинки экинчи мааниге ээ. Зураб Ногайдели каржы министри болуп, ал эми Георгий Барамидзе ички иштер министри болуп дайындалды. Барамидзе парламент алдында - эң биринчи кезекте коррупцияга каршы күрөш баштай турганын билдирди: "Бул министрлик - өлкөдөгү эң коррупцияланган уюм, мага ишениңиздер, коррупция оорусунан арылуу иши дал ушул уюмдан башталат. Мен жолдошторума ишенем жана менин командам, мен эч пара албайбыз жана пара эмне экени бул уюмда унутта калышы үчүн биз бардык күчүбүздү жумшайбыз". Грузиянын курамындагы Абхазия, Ажария жана Түштүк Осетиянын жетекчилери болсо кечээ күнү Маскөөдө орус өкмөт мүчөлөрү менен жолукту.

XS
SM
MD
LG