Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:39

БУШ БАГДАДДА БОЛУП КЕТТИ


Америкалыктар эчактан бери элдин ырасмисине айланган алкоо күнүн майрамдап жаткан кезде президент Жорж Буш капыл-тапыл Багдадда болуп кайтты. Эл аралык аэропортто америкалык жоокерлер менен жолугуп, аскери командачылыктын, утурумдук администрициянын жана башкаруу кеңешинин мүчөлөрү менен кыскача сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Буштун күтүүсүз бул сапары көпчүлүккө президенттин самолету Багдаддан учуп кеткенден кийин гана маалым болду.

Буштун Багдадга барганы жатканын президенттин жакын чөйрөсүндөгү бирин-экин гана адам билген экен. Жадесе Буштун аялы Лорага да муну президент жуп Багдадды көздөп учуп чыгарда билдиришти дешет. Ирактын борборунда болсо алкоо күнүн белгилегени жаткан жоокерлер кечки сый тамакта алар менен Жорж Буш өзү табакташ болуп каларын дегеле күткөн эмес. Майрам үлпөтү башталганда Ирактагы утурумдук администрациясынын башчысы Пол Бремер президенттин куттуктоосун окуп берүү иши ага табышталганын айтып, бирок муну жогорку даражалуу башка бирөө жасаса дурус болот эле деп билдирди. Аңгыча арт жактан Жорж Буш өзү чыга келди. ”Мен болгону ушундай жылуу маанайда силер менен бирге отуруп,даам сызып кеткени келдим”,- деп айтты Буш сыяпатка чогулган алтыжүздөй жоокерге кайрылып. Алкоо күнүн чогуу-чаран майрамдаганы мындан артык компания табылбасын белгилеп,Буш сыяпатка таклип кылганы үчүн ыраазылык билдирди. “Американын атынан мен силерге кушнаама алып келдим: силердин кызматыңар үчүн ыраазыбыз, силер менен сыймыктанабыз жана Америка силер үчүн ар дайым бекем турат”, - деп улантты сөзүн Буш. Андан ары президент ирак элине азаттыкка чыгууда жардамдашып, америкалык контингент дүйнөнүн бул чөлкөмүн өзгөртүп жатканын, Жакынкы Чыгыштын толтосунда бейпил жана демократиялык мамлекет курганга көмөктөшүп,ошону менен америкалыктарды да коргоп жатканы үчүн жоокерлерге алкыш айтты.

Буш америкалык контингент Иракта канча убакыт керек болсо, ошончо мезгилге кала тургандыгын кайра ырастады. Сапарынын соңунда ал убактылуу администрация башчысы Пол Бремер, америкалык аскерлердин колбашчысы Рикардо Санчес жана Ирактын башкаруу кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Багдадда Буш жалпы эсепте эки жарым саат болду.

Коопсуздук мүдөөсүнөн улам Буштун бу визити өтө жашыруун абалда даярдалды. Техастагы чарбагынан аны жөнөкөй машинада алып чыгышып, адегенде Вашингтонго, аскер-аба күчтөрүнүн базасына учурушту. Ал жерден самолет которушуп, Багдадга жеткиришти. Кокус президент кайда баратканы туурасында маалымат каражаттарында кенедей эле кабар пайда болсо, орто жолдон дароо кайра тартышмак экен. Узун кулак журналисттер корпусу бул жолу эчтеме билбей калышты.

Бу визит менен Буш эмнени көздөдү? Байкоочулардын айтымында, биринчиден,Ирактагы аскерлердин духун көтөрүп, ага кошо соңку кездери төмөндөп бараткан саясий аброюн президенттик шайлоо алдында бекемдеп алгысы келди. Экинчиден, аналитиктер бу сапар алкоо күнүн Ооганстанда, Баграмдагы аскер базада майрамдаган демократтардын өкүлү, сенатор Хиллари Клинтондун кадамына жооп кайтарган ишаара болду дешет.
XS
SM
MD
LG