Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

АКЫЙКАТЧЫНЫН ЖАҢЫ СУНУШТАРЫ


Кожогелди Култегин, Ош Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу жакында биз менен маектешип, президентке, өкмөткө жазган өзүнүн кайрылуу каты, Кавказдагы азыркы саясий кырдаал тууралуу ой бөлүштү.

- Турсунбай мырза, «Азаттык» радиосунун берген маалыматы боюнча, сиз жакында президентке кат жолдопсуз. Анда өлүм жазасын жоюу, абактарга кургак учук оорусун текшертүүчү аппараттарды орнотуу тууралуу сунуштарды жазыптырсыз. Бул маалыматтар элди бир топ кызыктырып жаткан кезде, мына сиз менен Ошто жолугуп турабыз. Кепти ошол президентке жазган каттан баштасаңыз.

- 10-декабрда Адамдардын жалпы укуктарынын декларациясынын 55 жылдыгы болгону жатат. Ошондуктан сунуштарым кеч калбасын деп президентке, өкмөткө кечээ кат жолдодум. Ал жакта мен өлүм жазасын Кыргызстанда жокко чыгарууну сунуш кылып жатам. 1998-жылдан бери бизде мораторий жарыяланып турат. Ал жыл сайын узартылып жатат. Ошондуктан муну ар жылы узартпай, 2010-жылды күтпөй, азыртан эле президент өзү демилге көтөрүп парламентке сунуш киргизсе, парламент Кылмыш-жаза кодексинен өлүм жазасын алып салса, менимче биз Европага бир кадам жакындашат элек. Бизди колдой турган өлкөлөрдүн саны көбөйөт эле. Азыр мага көп эле өлкөлөрдөн кат келип жатат. Жаңылышпасам бүгүнкү күндө мага Европа уюмдары 200гө жакын кат жазышты. «Өзүңөр кичинекей өлкө болсоңор, эмне үчүн Кыргызстанда өлүм жазасы азыркыга чейин бар? Өлүм жазасына силерде көп адамдар кесилет экен» дешет.

- Эми кеп тизгинин экинчи маселеге - түрмөдөгүлөрдүн кургак учук оорусуна каршы күрөшкө бурсаңыз?

- Азербайжандын түрмөсүндө кургак учук оорусу жок экен. Бизде болсо бул чоң маселе болуп атпайбы. Бүгүн бир кылмышкерди кармаса, оорукчанбы, оорукчан эмеспи, камерага тыгып салышат. Камерадагы жанында отургандарга жуктурат. Мунапыс боюнчабы, же мөөнөтү бүткөндөн кийинби, эркиндикке чыккандан кийин ал башка адамдарга жуктуруп жүрөт. Азербайжанды мисалга келтирбедимби, ал жакта ар бир ТИЗОнун (тергөө изолятору) эшигинин алдында рентген аппараты турат экен. Бизде Кыргызстанда беш эле ТИЗО бар. Беш рентген аппаратына Кыргызстандын алы жетет го дейм. Ошондо колго түшкөн кылмышкерди тергөөгө алып кирип жаткандан кийин рентген аппаратынан бир сыйра өткөрүп койсо, өпкөсү тазабы, таза эмеспи, ошону көрсөтөт. Кургак учук менен оорубаса - мейли, камерага кете берсин. Эгер ооруп калса, бизде кургак учук менен ооругандардын атайын колониясы бар, ошол жерге жөнөтүш керек. Тергөө иштери да ошол жерде болуш керек. Ошондо, менимче, кургак учук менен ооругандарды азайтсак болот.

- Жакында сиз Азербайжанда иш сапары менен болдуңуз. Мурдараак Грузиянын акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү менен кенен таанышып келгенсиз. Соңку мезгилде ошол эки өлкөдө президент алмаштыруунун эки башка үлгүсү ишке ашырылып жатат. Адегенде Азербайжандын үлгүсү тууралуу айтсаңыз?

- Бул жөнүндө Кыргызстанда көп суроо берип жатышты эле. Мен болсо түз эле Азербайжандын жаңы президентине ушул суроо менен кайрылдым. Ал акыйкатчылардын баарын кабыл алды. Мен куттуктоо сөзүмдү айтып, «Азербайжандагы бийликти сизге атаңыз өткөрүп бергенин өзүңүз кантип баалайсыз? Муну биринчилерден болуп сиз кылдыңыз, эртең башка жакка да өтүп кетпейби?» дедим. Илхам Алиев, Гейдар Алиевдин уулу айтып атпайбы: «Кечирип коесуз, атасынан уулуна бийлик өткөрүүнү Азербайжан ойлоп чыккан жок. Бизге чейин ойлоп чыгышкан» дейт. «Баласы татыктуу болсо албетте, мейли, бирок баласы татыктуу болбой калсачы?» десем, ага жооп бербей койду. Грузиянын үлгүсү болсо башка, президент өз ыктыяры менен бийликтен баш тартып атат. «Өз ыктыяры менен» дегенди тырмакчага алып койсок болот. Себеби, аны оппозиция ушуга мажбурлады. Бирок «кан төгүлбөсүн» деп, президент Шеварднадзе өзү чечим кабыл алды, «кой, мен бийликтен кетем» деп туруп арыз жазды. Менимче бул да жакшы үлгү. Эң негизгиси - саясий күрөштө күнөөсүз адамдардын каны төгүлбөшү керек.

- Ушундай саясий кыйчалыш учурларда чалкеш маселелерде акыйкатчы институтунун орду кандай болуп атат?

- Грузияда саясий кризис көп айдан бери болуп жатат да. Ошол саясий кризисти жөнгө салыш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымдыгына акыйкатчыны дайындашкан. Бул бийликтин да, оппозициянын да, эң негизгиси - эл аралык уюмдардын пикири. Кечээ мен Грузиянын акыйкатчысынын орун басары менен Бакуда сүйлөштүм. Ал айтты: «биз «коё бербейли» десек, көп өлкөлөрдүн элчилери келди. «Биз өз өлкөбүздү таштап, сиздерге жардам берип жатсак, сиз болсо эмне үчүн акыйкатчылык орундан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымдыгына барбай атасыз? Элиңизге жардам бербейсизби?» деп айтты» дейт. «Ушундан кийин мажбур болуп, Нанат Берданияри Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымдыгына кетти» дейт. Өкүнүчтүүсү - ал жакта саясий кризис өтө эле тереңдеп, акыйкатчынын жардамы тийбей калды. Себеби, ал жакта ачык саясий күрөшкө чыгып кетишти, өзүңүз күбөсүз. Бирок менин билишимче, азыркы жаңы шайлоого даярдык көрүлүп жатканда акыйкатчынын чоң жардамы тиет. Себеби, Грузияда акыйкатчыга жалаң бийлик же жөнөкөй адамдар эле эмес, оппозициянын өкүлдөрү да ишенишет экен. Мен өткөндө Грузияга барганда өз көзүм менен көрдүм: Грузиянын өлтүрүлгөн мурдагы президенти Гамсахурдиянын аялы баш болгон оппозициянын тобу акыйкатчынын имаратынын жанында митингдерди уюштурат экен. Өкмөт Үйүнүн жанында эмес, парламенттин жанында эмес, акыйкатчынын жанында уюштурат экен.

- Дүйнөлүк кадыры бар Шеварднадзе эмне үчүн өзүнүн кичинекей өлкөсүндө кадыры калбай калды?

- Шеварднадзенин кадыры чет өлкөлөрдө өтө эле бийик. Бирок душмандар менен сүйлөшүш оңоюраак, ал эми өз өлкөсүндөгү саясатчылар менен сүйлөшүш кыйын. Өзгөчө саясатчынын бети жок, эки жүздүү болсо, Грузияда ошондой саясатчылар көп болду. Президенттин иштерине, өздөрүнүн иштерине да аракет кылышты. Ушул жерде Шеварднадзе катуу турушу керек эле. Шеварднадзе катуу тура албай калды. Ал ар бир саясий топтун ортосунда ойнойм деп жүрүп, акыры өзүн-өзү алдап алды. «Орусияга да, Америкага да жагам» деп, ортодо калып калды. Муну Кыргызстанга да мисал катары айтсак болот. Биз да «Орусияга да, Америкага да жагабыз» деп атпайбызбы. Бири-бирине каршы турган эки өлкөнүн аскердик базалары бар, биздин мамлекетте. Биз өзү уникалдуу тажрыйба, дүйнөдө башка мындай өлкө жок экен. Ошондуктан биз да бир тыянакка келишибиз керек.

XS
SM
MD
LG