Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

ПАРЛАМЕНТТИН АЛДЫНДАГЫ КЕҢЕШ ЖАҢЫ МЫЙЗАМДАРДЫ ЭЛЕКТЕН ӨТКӨРӨТ


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алчу мыйзам долбоорлорун атуулдук коомдун элегинен өткөрүү, адистердин ой-пикирин билүү максатында Консультативдик кеңеш түзүлгөн. Буга чейин кеңештин эки отуруму өтүп, анда жаңы түзүмдүн милдет-максаттары аныкталган. Кеңештин 28-ноябрдагы отурумунда Шайлоо кодексинин жаңы редакциясы сөзгө алынды. Кеңештин мүчөлөрү жаңы мыйзам долбоору тууралуу ой-пикирлерин ортого салып, парламенттин талкуусуна чейин ага айрым алымча-кошумчаларды киргизүү зарылдыгын белгилешти.

Кыргызстандын Конституциясы жаңыланган соң буга чейин кабыл алынган мыйзамдардын текши баары оңдолуп-түзөлүп, ал катарга Шайлоо кодекси да кошулган. Кодекстин жаңыланган редакциясын быйыл жайында бейөкмөт уюмдар талкуулашты. Ушундай эле талкуулар жер-жерлерде да өттү. Шайлоо кодексинин жаңы редакциясына эл аралык уюмдардан да бир топ сунуш-пикирлер түшкөн. Шайлоо кодекси 1999-жылы кабыл алынган. Анын негизинде азыркы кош палаталуу парламент шайланып, 2000-жылы А.Акаев кайрадан президент болгон.

- Ушул жылдын апрелинде биздин палатага эки жаңы мыйзам долбоору келип түшкөн, - деп маалымдады Абдыганы Эркебаев. Шайлоо кодексине алымча-кошумчаларды киргизүү боюнча депутаттар Ишенбай Кадырбеков, Өмүрбек Текебаев, Марат Султанов, Кубатбек Байболов чогуу даярдашкан мыйзам долбоору, ага улай президент А.Акаевдин демилгеси менен Шайлоо кодексинин жаңыланган редакциясы жөнүндө жаңы мыйзам долбоору сунушталган. Эки мыйзам долбоору тең июль айында палатанын кароосуна коюлуп, бирок депутаттардын жайкы каникулу жакындап калганына байланыштуу ал кийинкиге жылдырылган. Өткөн аптада кодекстин жаңы варианты Ысыккөлдүн жээгинде ЕККУнун, АКШнын Улуттук демократиялык институтунун өкүлдөрүнүн катышуусунда дагы бир жолу талкуудан өттү.

- Мындай узакка созулган биргелешкен иштердин натыйжасында макулдашылган эки варианттан куралган бир долбоор жактырылды, - деп айтты Абдыганы Эркебаев. Анын пикиринде, Грузиядагы окуядан соң Шайлоо кодексине кызыкчылык ого бетер артты.

- Мамлекеттин чоң-кичинелигине карабастан, мыйзамдардын саны негизинен бирдей эле болот, - деп билдирди Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин деканы Сүйөркул Косаков. - Бизге оголе көлөмдүү, ошону менен бирге маанилүү документти беришти. Атайын чыгынып отуруп, бир жуманын ичинде 30дай беренени кенен карап чыгууга үлгүрдүм. Жалпысынан мыйзам Конституциянын жаңы редакциясына ылайык иштелип чыккан. Анткен менен, долбоор айрым мүчүлүштүктөрдөн да кур эмес.

Жазуучу Мар Байжиев мыйзам долбоорунда «шайлоо жыйыны» деген түшүнүк чечмеленбегенин белгиледи.

- «Шайлоо жыйыны» деген бар экен, президентти шайлоо учурунда. Бул эмне деген сөз? Мында талапкерди көрсөтүшөбү же шайлашабы? Саясий партия деген эмне? Бул мамлекет менен элдин көкүрөгүндө сойлогон карачаар жылан. Аны лөк өлкөлөрдө жашагандар ойлоп табышкан. Аларга боло берет. А биздин алакандай элди дагы бөлүштүн кандай кажаты бар? Ансыз да бугу, саяк, сарыбагыш деп бөлүнүшкөнү аз келгенсип, эми партиялар чыгат, - деди Мар Байжиев.

Чет элдик маалымат каражаттарынын шайлоого катышууга укугу жоктугун Шайлоо кодексине киргизүү туура эместигине «Кабар» улуттук маалымат агенттигинин жетекчиси Кубанычбек Таабалдиев токтолду. Ал «мындай маалымат каражаттарына шайлоонун жүрүшүн чагылдырууга укук бериш керек» деп эсептейт.

Жыйындын соңунда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевге микрофон сундук.

- «Кеңешип кескен бармак оорубайт» дейт. Ошонун бир далили катары мен көптөн бери көксөп жүргөн тилегимди ишке ашырып атам, - дейт Абдыганы Эркебаев. - Төраганын алдында атуулдук коомдун ар кайсы өкүлдөрү менен кабыл алынып жаткан мыйзамдардын сапаты, деңгээли жакшырса деген максатта ушул ишти баштап жатабыз. Бул өзү жаңы кодекс эмес, мурдагы Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү, түзөтүүлөрдү киргизүү.
XS
SM
MD
LG