Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

ТАЛАБАНИ ИРАК МЕНЕН ТҮРКИЯНЫН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИНИН ЖАҢЫ БАРАГЫ АЧЫЛДЫ ДЕП САНАЙТ


Аким Өзгөн, Измир, Түркия Өткөн айда Ирактын убактылуу башкаруу кеңеши Түркийанын Иракка бейпилдик күчтөрүн жиберүү жөнүндөгү планына каршылык билдирген. Анын айынан кескин начардап кеткен Ирак-Түркийа мамилелери башкаруу кеңешинин учурдагы төрагасы Жалал Талабанинин өткөн жумада Түркийага болгон сайакатынан кийин оңолуу нугуна которулду. Бирок, мамилелердеги жакшыруу багыты учурда экономикалык жана соода тармагы менен эле чектелип, сайасий жана коопсуздук тармакка тийешелүү чөйрөдө өзүн анчейин сездирген жок.

Убактылуу башкаруу кеңешинин учурдагы төрагасы Жалал Талабани өзүнүн өткөн жумада Түркийага болгон сайакатына “абдан ийгиликтүү” деген баа берип, Анкара менен мамилелерде жаңы бир барак ачылгандыгын бидирген. алал Талабани “ал-Жазира” сыналгысы менен майеги учурунда, Анкара менен айрым эски проблемалар талкууга алынып, ар эки тарап өз ара чечилбеген проблемалар өткөн чакта калгандыгы тууралуу өз-ара мунасага келгендигин бышыктаган. Талабани Анкарада болгон учурунда сайасий, экономикалык, соода жана чегара маселелеринде эки тараптуу байланыштарды өөрчүтүүгө бөгөт болуп келген айрым карама-каршылыктар жойулгандыгын; ошондой эле, дипломатийалык карым-катнаштарды кайра жөнгө салуу тууралуу келишимге жетишилгендигин билдирген менен, Түркийаны кабатыр кылып келген маселелер - ПКК-КАДЕК жана Ирактагы түркмөндөрдүн тагдыры, ошондой эле, Түндүк Ирактагы чектүү сандагы түрк аскерлеринин келечеги өңдүү орчундуу маселелер “чечилди” деп бүтүм кылууга эрте.

Башкача айтканда, Жалал Талабани мамилелерде жаңы барак ачылгандыгы жөнүндө айтып жаткан кезде, Ирактын өзүндө окуялар Түркийанын коопсуздук кызыкчылыктарына жооп бербегидей маанайда өнүгүп жатат. Мисалга алганда, 1997-жылы Жалал Талабани менен анын атааңдашы Масуд Барзанинин Ирактын түндүгүндөгү пашмергелеринин ортосунда согуш чыкканда, аларды элдештирүү жана тынчтыкты көзөмөлдөө максатында Түркийа Түндүк Иракка 2000 чамасындагы аскерин жиберген эле. Талабани чыгып сүйлөөлөрүндө ал аскерлердин эми өлкөдөн чыгып кетүүсү керек экендигин билдирип келе жатат. Бул болсо, аталган аймактарда бекинип жүрггөн ПКК-КАДЕК жикчи уйумунун аскердик түзүлүштөрүнө каршы чара иретинде аскерлерин кармап келген Түркийаны тынчсыздандырбай койбойт. Анткен себеби, Түркийа ошол аймактарда бекинип жүргөн ПКК-КАДЕК коркунучу бүтүндөй алынып салынмайынча аскерлерин ошол аймактарда сактап калууну каалайт.

Негизинде, Түркийа Иракка аскерлерин жиберүү жөнүндө токтомун бекитээр алдында, аталган сепаратисттик күрт уйумун ал аймактардан кууп чыгуу жана ага каршы бирдиктүү күрөшүү жөнүндө АКШнын убадасын алган болчу. Бирок, түрдүүчө себептерден улам, ал убада ишке ашпай калып, жакында Стамбулда террордук жардыруулар болгондон кийин гана АКШнын жана ошондой эле ПКК-КАДЕК уюмуна жылуу маанайда мамиле кылып келген батыш европалык өлкөлөрдүн туруму алмаша баштады. АКШ ПКК-КАДЕКке каршы аракетке өтөөрүнүн четин чыгарса, Европалык Биримдиктин учурдагы төрагасы Италийанын тышкы иштер министри Франчо Фраттини Түркийанын “Улуу Чыгыштын Чабандестеринин Ислам Фронту” жана КАДЕК өңдүү уюмдарын террорчу уйушмалардын тизмесине кошуу жөнүндөгү Анкаранын кайрылуусу кайра каралып чыга тургандыгын билдирди.

АКШнын Ирактагы атуулдук администрацийасынын башчысы Пол Бремер өткөн жумада Күрдистан Демократийалуу Партийасынын төрагасы, убактылуу башкаруу кеңешинин мүчөсү Масуд Барзани менен көрүшүп, анда ПКК-КАДЕКке каршы пландалып жаткан кеңири масштабдагы аскердик иш-чара жөнүндө сөз болгон. Бремер Түркийанын бул тууралуу тынчсызданууларын байандап берсе, Масуд Барзани учурда өлкөдө өкүм сүрүп жаткан баш-аламандыктын кырдаалында ПККге каршы оператсийа баштоонун тобокелдүүлүгү жөнүндө оюн айткан.

Ушул жана башка бир топ маселелер Түркийа менен Ирактын убактылуу башкаруусунун ортосундагы мамилелердин андан ары жакшырышына дагы бир топко бөгөттүк кылышы ыктымал. Ошого карабастан, эч кур дегенде, экономикалык жана соода тармагында мамилелердин дурусталуусу согуштан жабыр тарткан Ирак элинин күнүмдүк керектөөлөрүн, мисал алганда, аларды таза суу, электр кубаты, азык-түлүк буйумдары менен камсыздоо жаатынан алып караганда деле өтө чоң ийгилик.

Талабанинин “ал-Жазира” сыналгысына берген маалыматына караганда, Анкарадагы сүйлөшүүлөр учурунда Ирактын түндүгүнөн түштүгүнө чейинки, Сулатадан Багдатка, Кербеладан Басрага чейинки аймактарда ооруканалар салуу жөнүндөгү сунушту Түркийа тарап кабыл алган.

Айтор, Жалал Талабанинин Анкарага болгон соңку сапары, чектүү болсо деле, эки өлкөнүн өз ара мамилелеринин жаңы багытын аныктоодо бир топ оң мүнөздөгү кадамдарга шарт түзгөн. Бул, ошондой эле, Түркийанын Иракка карата стратегийасынын так чордонуна мындан ары аскер жиберүү эмес, соода жана экономикалык жактан карым-катнашты өөрчүтүү максаты койулаарынан да кабар берип тургансыйт.

XS
SM
MD
LG