Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Карабуура районунда төө буурчак маселеси боюнча уруксат берилген митинг өттү


ТАЛАС. Райондун ар кайсы айыл-кыштактарынан келишкен 500гө жакын киши төө буурчактын баасынын көтөрүлбөй жаткандыгын айтышты. Алар бул маселе боюнча атайын өкүлдөр Түркияга барып келгенден кийин деле маселе оң чечилбегенине нааразылык билдиришти. Нааразы болгон элдин санын азайткысы келип, райондук борбордо башаламандык болуп кетишинен чочулаган бийлик өкүлдөрү чогулгандарды райондун борборунан коңшу Чолпонбай айылына барууга ынандырышты. Жөө-жалаң келген элдин көбү ал жакка бара алган жок. Түштөн кийин Чолпонбай айылындагы жолугушууга облус губернаторунун орун басары Канат Нартаев баштаган облустук деңгээлдеги ондогон жетекчилер келишти. Бул жердеги талаш-тартышта элди ыраазы кылгыдай чечим кабыл алынган жок. Нааразы болгон тарап Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаевге, № 44-Карабура округунан шайланган депутаттар Болот Шерниязов менен Алымбай Султановго телеграмма жөнөтө турган болушту. Алар 6-декабрда өтүүчү чогулушка чакырылган депутаттардан күч колдонуу органдардын жетекчилери менен чогуу келиши суранып, «Робин» фирмасынын Таластагы ишин токтотууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG