Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:36

Николай Танаев эл аралык уюмдардын миссия жетекчилери менен жолугушту


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев эл аралык уюмдардын Бишкектеги миссияларынын жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууда Демократиялык башкаруу боюнча улуттук кеңештин алдындагы консультативдик топтун уюштуруу маселелери талкууланды. Демократиялык башкаруу боюнча улуттук кеңеш президенттин жардыгына ылайык быйыл жазында түзүлүп, аны жетектөө милдети премьер-министрге жүктөлгөн. Мамлекеттик кызматчылардан, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн жана саясатчылардан куралган бул кеңеш «Аракеттенүү планын» иштеп чыккан болчу. Өлкөдө коррупцияга каршы күрөштү көзөмөлдөө максатында түзүлгөн бул кеңештин төрагасы Н.Танаев менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосунда кайсы маселеге басым жасалганы ачыкталган жок. Жолугушуунун негизги бөлүгү жашыруун өттү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG