Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:58

Бишкекте жер жана агрардык реформа боюнча эл аралык илимий конференция өткөрүлмөк болду


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев 2004-жылы февраль айында Бишкекте жер жана агрардык саясат реформасы боюнча эл аралык конференция өткөрүү тууралуу жардыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жардыкка ылайык, мындай иш-чараны өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Комитеттин төрагасы болуп премьер-министр Николай Танаев, анын орун басарлыгына президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Темирбек Акматалиев дайындалды. Уюштуруу комитетине өлкөдө жүргүзүлүп жаткан жер жана агрардык саясат реформасын мындан ары өркүндөтүү тууралуу сунуштарды 2 ай ичинде иштеп чыгуу тапшырылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG