Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

АКШда президент А.Акаевдин «Улуу жибек жолунун дипломатиясы» аттуу китебинин 2-чыгарылышы жарык көрдү


БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин «Улуу жибек жолунун дипломатиясы» аттуу китебинин экинчи чыгарылышы Нью-Йорктогу «Global Scholarly Publication» басмасынан жарык көрдү. Бул туурасында Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилиги маалымат таратты. Анда белгиленгенге караганда, китептин баш сөзүн басманын директору, профессор П.Морведж жазган. Мындан тышкары, китепке А. Акаевдин тышкы саясат боюнча доктринасына байланыштуу Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан боюнча иштеген эл аралык окумуштуулардын жана дипломаттардын пикирлери кирди. Эксперттер негизинен Кыргызстандын тышкы саясаты боюнча А. Акаев жазган доктринанын бүгүнкү күнү өзгөчө актуалдуулугун белгилешкен. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, президент Аскар Акаев 2-декабрда Монтана штатына иш сапары менен барат.

XS
SM
MD
LG