Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:26

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Нана Девдариани отставкага кетти


Анын алдында өлкөнүн тышкы иштер министри Ираклий Менагаришвили кызматынан чегинип, анын ордун биринчи орун басары Мераб Антадзе ээлеген. Грузиянын парламенти 4-январда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо мөөнөтүн талкуулап жатат. Депутаттар кечээ жаңы парламенттик шайлоонун датасын аныктоого аракет кылып, бир пикирге келе албай тарашкан. Бүгүн Грузиянын аймагындагы үч автономиялуу республика – Ажария, Абхазия жана Түштүк Осетиянын лидерлери Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов менен өз-өзүнчө сүйлөшүү өткөрүүдө. Иванов менен жолугушуунун соңунда Түштүк Осетиянын лидери Эдуард Кокойты ал жетектеген жумурият Орусиянын курамына кошулаарына үмүтүн билдирди. Кремль азырынча ал тууралуу билдирүү жасаган жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG