24 жаштагы теги азиялык британ атуулу кечээ Глостер шаарындагы үйүнөн жардыргыч заттар табылган соң, террорчулукка каршы мыйзамга ылайык кармалган. Бүгүн Германиянын полициясы да "ал-Каиданын" жетекчи өкүлдөрүнүн бири деп шектелген Алжирлик адам кармалганын маалымдады. Гамбургда колго түшкөн Махжуб Абдерразак ага каршы кылмыш иш козголгон Италияга өткөрүлүп берээри күтүлүүдө.
Британия жана Германияда "ал-Каида" уюму менен байланышы бар шектүү адамдар камакка алынды