Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Орусиялык "Сибнефть" мунай компаниясы "ЮКОС" ишканасы менен биригүүнү кийинкиге калтырды


Бүгүнкүгө белгиленген кол коюу аземи, "Сибнефттин" өкүлдөрүнүн айтымында, эки компания ортосундагы макулдашууга ылайык кийинкиге жылдырылды. "ЮКОСтун" өкүлү мындай чечим алар менен макулдашылбаганын маалымдады. Орусиядагы эң ири мунай компаниясы саналган "ЮКОСтун" мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский "ири өлчөмдөгү кирешелерин салыктан жашырган" деген кине боюнча камакка алынган. Анын жактоочулары "ЮКОСтун" экс-жетекчиси Кремль тарабынан саясий куугунтукка кабылганын айтышат. Бүгүнкү жаңылык "ЮКОС" компаниясынын акцияларынын наркын алты пайызга чейин төмөндөтүп жиберди.

XS
SM
MD
LG