Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Кишиневдо 4-күн удаасы менен өкмөткө каршы демонстрация болуп өттү


Анын миңдеген катышуучулары Орусия сунуш кылган Молдова менен өз алдынча бөлүнүп алган Приднестровье чөлкөмүн федерацияга бириктирүү планына каршы чыгышып, ага байланыштуу өкмөттүн отставкага кетишин да талап кылууда. Аны уюштурган оппозициячылардын лидери Юрие Роска "Азаттыкка" буларды билдирди.
- Биздин нааразылык акциябыз Кишиневдун борборунда уланып жатат. Жаштар бизге кошулуп кетпесин деп, полиция менен коопсуздук кызматтары мектептер менен университеттерди курчап алышты. Ошентсе да биз Орусиянын Молдованы федерацияга айландыруу аракеттерин токтото алаарыбыздан үмүт чоң.
Молдован президенти Воронин Москванын сунушун кабыл албастыгын айткан. АКШ жана ЕККУ ал планды сынга алышкан.

XS
SM
MD
LG