Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:39

Кыргыз президенти А.Акаев Кыргызстанда өлүм жазасына киргизилген мораторийдин мөөнөтүн узартууну убада кылды


Бул тууралуу ал бүгүн Ослодо Норвегиянын премьер-министри Кьелл Магне Бондевик менен жолугушуу маалында билдирди. Кыргызстан өлүм жазасына мораторий киргизгенин алгач 1998-жылы жарыялаган болчу. Бүгүн Норвегиядагы эки күндүк визитин жыйынтыктап жаткан А.Акаев Ослодогу маалымат жыйынында Кыргызстан адам укуктарын жана демократияны жайылтуу жаатында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму менен байланыштарын бекемдээрин белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG