Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:24

МОЛДОВА КРЕМЛДИН ФЕДЕРАЦИЯЛАШТЫРУУ ПЛАНЫНА КАРШЫ ТУРУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Кишиневдо нааразылык демонстрациялары уланууда. Евробиримдиктин жана ЕККУнун желектерин көтөргөн демонстранттар президент Владимир Ворониндин жана коммунисттердин бийликтен кетишин талап кылып жатышат.

Демонстрацияга катышуу үчүн Кишиневдун борбордук көчөлөрүн карай агылган элди полиция өткөрбөй кармап турууда. Мектеп окуучулары менен студенттерди демонстрацияларга катыштырбоо үчүн полиция окуу жайлардын бир тобун жыш тосмого алган. Айрым жерде полиция демонстранттарга каршы күч колдонуп жаткандыгы маалымдалды. Бирок молдован оппозициясы коркутуп-үркүтүүлөргө карабастан демонстрациялар улана бере турганын билдирүүдө.

Молдованын Социал- Либералдык Альянсынын башчысы Иурие Роска мындай деди:

- Кишиневдун борборундагы нааразылык акциялары улантыла берет. Демонстрацияга студенттерди катыштырбоону көздөгөн коопсуздук күчтөрү мектептер менен университеттердин имараттарынын баарын тосмого алып, жаштарды коркутуп-үркүтүп жатат. Бирок мен Молдованы "федерациялаштырууга" каршы багытталган нааразылык акциясы ийгиликке жетишээрине ишенем!

Митингдер Молдова менен Орусиянын жетекчилиги Днестр боюндагы чөлкөм боюнча орток макулдашууга тымызын жетишилгени тууралуу кабардан улам тутанган. Москва сунуш кылган келишим боюнча, жумурияттын негизинен орустар менен украиндер отурукташкан Днестр боюндагы аймагында Орусиянын аскерлери дагы 20 жылга кала бермекчи. Бул – Кишиневго каршы чыккан козголоңчул чөлкөм де факто Орусиянын көзөмөлүндө кала берет дегендикке жатат.

Молдованын бүткүл коомчулугун толкундаткан келишимди Орусиянын президенти Владимир Путиндин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак жашыруун иштеп чыккан. Планга ылайык, чөлкөм Днестр Боюндагы Молдован Республикасы деген ат менен формалдуу түрдө Молдованын курамында болот, бирок "өткөөл мөөнөт ичинде козголоңчул чөлкөмдө тынчтыкты кепилдөө" шылтоосу менен анда Орусиянын бейпилдик аскерлери дагы белгисиз мөөнөткө кала бермекчи. 21-ноябрда Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов "өткөөл мөөнөттөгү тынчтыктын гаранты" боло турган орус аскерлери ал жерде, бери дегенде, 20 жылга кала тургандыгын билдирген. Ошентип, "федерализация келишими" деп аталган макулдашуу, иш жүзүндө, Днестр боюндагы Молдован республикасында Москванын позициясын бекемдеп, козголоңчул чөлкөмдүн Молдовадан таптакыр бөлүнүп кетүүсүнө шарт түзөт.

Орусиянын планын Днестр боюндагы жумурияттын лидери Сергей Смирнов менен Молдованын коммунист президенти Владимир Воронин адегенде колдоп чыгышкан. Келишимге кол койуу аземине катышуу үчүн 28-ноябрда Кишиневго Орусиянын президенти Владимир Путин келмек болгон. Бирок 25-ноябрда Кишиневдо 15 миңдей киши катышкан чоң демонстрация болуп, алдыга белгиленген пландарды шашылыш өзгөрткөнгө молдова президентин мажбур кылды. Орус президентинин Кишиневго пландаштырган визити болбой калды. Ал эми Грузиядагы окуялардын Молдовада кайталануусунан чочулаган Владимир Воронин Москва сунуш эткен пландан баш тарткандыгын жарыялады.

Ворониндин чочулоосуна толук негиз бар эле. Анткени 24-ноябрда кечинде Молдованын Эгемендиги менен Коституциясын Коргоо Комитети түзүлүп, ага оппозиция эле эмес, парламентте кыйла таасирге ээ Христиан Демократиялык Партиясы менен Молдованын Социал-Либералдык Альянсынын жетекчилери кирди. Андан сырткары комитетке абройлуу коомдук ишмерлер менен кесиптик бирикмелердин өкүлдөрү мүчө болушту. 24-ноябрда кечинде тараткан алгачкы документинде комитет Молдова менен Днестр боюндагы козголоңчул чөлкөмдүн ортосунда кол койула турган "Федералдаштыруу келишими" Молдованы жиктеп эле тим болбостон, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жойуп, бара-бара бүткүл Молдованын Орусиянын протектораты болуп калуусуна жол чаба турганын эскертти. Анткени, алардын жоромолуна караганда, Днестр Боюндагы Молдован республикасындагы жетекчи орундарды Орусиянын атуулдары, коопсуздук жана ички иштер министрлигинин кызматтарын - Орусиянын аскери өкүлдөрү ээлеп калышмак.

Калкынын көбүн орустар менен украиндер түзгөн Днестр Боюндагы чөлкөм Молдованын Румынияга кошулуп кетүүсүнөн чочулап, 1992-жылы Молдовадан бөлүнүп кеткен. Жикчилер менен молдовандардын ортосундагы куралдуу кагылыштарда бир жарым миңден ашык киши өлгөн. Эки ортодогу ок атышууну токтотууда арачылык кылган Орусия азыр Днестр боюндагы чөлкөмдө бейпилдик аскерлерин кармап турат.
XS
SM
MD
LG