Линктер

шейшемби, 21-февраль, 2017 Бишкек убактысы 18:40

Ооганстанда апийим өндүрүү эбегейсиз деңгээлге жетти


АКШ жетекчилиги кечээ күнү жарыялаган маалыматка караганда, 2003-жылы Ооганстанда өндүрүлгөн апийимдин көлөмү 2002-жылдагыга караганда эки эсеге көбөйгөн. Ал эми Ооганстанды талиптер бийлеген мезгил менен салыштырганда, азыр өлкөдө 36 эсе көп апийим өндүрүлөт. Апийим азыр 61 миң гектар аянтка себилет, 2001-жылы болсо бир миң 685 гектар гана себилген. Америкалык эксперттердин айтымында, апийимден түшкөн киреше негизинен террордук уюмдарга тийүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG