Лондон шаарында кечээ күнү Израил менен Палестина өкүлдөрү ортосунда эки күндүк тынчтык сүйлөшүүлөрү аяктады. Ага төрага Ясир Арафаттын коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Жабрил Ражуб менен жөөт премьер-министри Ариэл Шарондун уулу катышты. Азырынча эч кандай жаңы келишимдерге жетишиле элек. Май айында сунушталган жаңы эл аралык план боюнча, эгемендүү Палестина мамлекети 2005-жылы жарыяланат, бирок ан үчүн арабдар террорду токтотуш керек, Израил болсо басылып алынган араб жерлерин бошотууга тийиш.