Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

ЖАҢЫ ТАРЫХ САБАГЫ, ГРУЗИЯ ҮМҮТҮ, МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫ


Грузиядагы бийлик алмашуусу кыргыз басылмаларынын кызуу талкуу кылынган темасына айланды. «Эки доордо бийлик тизгинин бекем мыкчып келген Эдуард Шеварднадзенин кейпин Борбор Азиядагы «түшпөс президенттер» кийип калбас бекен?» деген собол арбын ташталууда. Парламентте талкуудан өтүп, экинчи окууда кабыл алынчу мамлекеттик тил мыйзамынын тегерегиндеги талаш-тартыш эми басылмаларда уланууда.

Президенттик орунда көп отуруп калгандарды жаалы кайнаган калкы кантип тактыдан кууп түшөөрүн 26-ноябрдагы «Дело №» гезити да жазып чыккан. Маалымдоо каражаттарын колдоо борборунун басмаканасынан биринчи болуп чыгарылган түстүү гезиттин жаңы санында парламент талкуусунан өткөн мамлекеттик тил мыйзамы тууралуу кеңири материалга да орун берилген. Депутат Зайнидин Курманов мамлекеттик тил мыйзамын элге таңуулаштан мурун тил үйрөнүүчүлөргө кошумча акы төлөө керек, - деп эсептейт. Жаңы мыйзам, анын оюнча, эне тилин билбегендерге каршы жазылган. Абсамат Масалиевдин пикиринде, мамлекеттик тил мыйзамын кабылдаштан мурун экономиканы оңдош керек. Бара-бара улуттук тилдер жоголуп, дүйнө жүзүндө ашып барса беш-алты тил калат. Ага чейин, албетте, кыргыз тилине деле кам көрүү керек. Бирок орус тилин унутта калтыруу жарабайт, - деп белгилейт А.Масалиев.

Грузиядагы бийлик алмашууну кыргыз бийлиги менен оппозиция эки башка кабылдады деп жазат жума күнкү «МСН» гезитинде Рина Приживойт. «Грузин факторун унутта калтыруу кыйын,- дейт автор.- Аскар Акаев бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү зарылдыгын абдан жакшы түшүнөт, ошондуктан кайра шайлоого барбастыгын бир нече ирет айткан. Бирок бул бийликти биротоло колдон чыгарып салуу дегенди түшүндүрбөйт».

Ушул эле гезитте Жогорку Кеңеш депутаты Дооронбек Садырбаев Шеварднадзенин жосунун кыргыз бийлиги кайталабастыгы тууралуу пикирин жазып чыкты. Автордун оюнча, кыргыз менен грузинди салыштырыш мүмкүн эмес. Кыргыз грузин ашынасына окшоп калк тагдыры үчүн камтама болбойт, «жайылган койго көз салып» жамбаштап жатканды жакшы көрөт. Кыйла кылым кыялында багып келген эркиндиги деле үч славян республика жетекчилеринин амири менен колуна тийип калган. Президент болом деген Данияр Үсөнов менен Феликс Куловдун тагдыры кандай болгону белгилүү, - деп жазат автор. - «Эми андай мүшкүл Курманбек Бакиевдин башына түшүшү мүмкүн».

Апта соңундагы «Бишкек таймс» гезитинде Алтынбек Шарабидин уулунун мамлекеттик тил мыйзамы тууралуу макаласы жарыяланды. «Кыргыз мамлекетинде мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам чала бышып, депутаттардын кекиртегинен ары өтпөдү (кызыгын караң эй – мамлекеттик (кыргыз) тил жөнүндөгү мыйзамдын долбоору орус тилинде даярдалып, анан кыргызчага которулуптур – эми бул көнүмүш адат да). Депутат Бектур Асановдун «эптеп өткөрүп алсак, анан…» деген мыйзам долбоору, кудай жалгап, автор тарабынан алынып салынды. Эмкиси кандай толукталат – дагы көрө жатабыз…», - деп жазат автор.

«Болжол менен бүгүнкү күндө Өзбекстанда 3,5 млн, Казакстанда 3 млн, Тажикстанда курама, калдык урууларын кошкондо 200 миңдей кыргыз өкүлдөрү жашайт. Ооганстанда 5 миңдей кыргыз бар экен, - деп жазат Жамбыл Камчиев. - Ал эми Россияда, Кытайда, Түркияда жашап, бирок күн сайын, саат сайын башка улутка айланып бараткан кандаштарыбызды кантип кыргыз кылып сактап кала алабыз… Жоламан-маңкурттун кейпин кийип калышыбызга аз эле убакыт калыптыр».

«Кыргыз туусу» гезитинин жума күнкү санында Кыргыз мамлекеттик юридика академиясынын ректору Чолпонкул Арабаевдин маеги жарыяланды. Ректордун ырасташынча, айрым жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин тымызын каршылыгынан улам академияда азырынча окуу баштала элек. Бишкектин жогорку окуу жайларынын студенттери 1-декабрга чейин, жер-жерлерден эмдиги жылдын 1-февралына чейин студенттер которулуп, жаңы академиядан окуусун улантышат. Чолпонкул Арабаев кылмыш жазасын гумандаштыруу керек деп эсептейт. «Кылмыш-жаза кодексинде 280 статья болсо, анын 204 статьясына туш келгендер, же 72,8% сөзсүз ар кандай мөөнөттөрдө түрмөлөргө камалышат», - дейт Чолпонкул Арабаев. Орусияда бул көрсөткүч 45%, ал эми Германияда 9% гана түзөт.

Апта соңундагы «Эркин тоо» гезити жакында басмадан жарык көргөн китептер тууралуу маалымдама жарыялады. «Кытай императорунун кыргыз кагандарына жазган каттары», «Барсбек каган», «Алымбек датка», «Баялы Исакеев», «Жусуп Абдырахманов» жөнүндө китептер чыкты. Жусуп Абдырахманов тууралуу китептин автору - белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Ишенбай Абдуразаков.

Ысыккөлдүн Тоң аймагынакараштуу Туурасуу айылынын жанындагы Кандөбөгө байланышкан тарыхый жоромолдор тууралуу апта соңундагы «Вечерний Бишкек» гезити маалымат жарыялады. Гезиттин жазганына караганда, Кандөбө деген бийик дөбөнүн алдында байыркы шаар курулуш катылып жатышы мүмкүн деген жоромол кеп айтылат. Азырынча божомол катары айтылган курулушка киргиси келген жергиликтүү адамдардын аракетинен эч кандай натыйжа чыккан эмес. Байыркыдан калган эстелик жергиликтүү айыл тургундарына жер үлүшү катары берилген.

Америкалык илимпоз Нур О’ Нилдин кантип кыргыз тилин үйрөнүп, элдин маданиятына кызыгып, изилдөө ишин улантып жатканын «В конце недели» апталыгы жазып чыкты. Нур айым бир жыл ичинде кыргыз тилин үйрөнүп, элдин каада-салтына көнүптүр. Ушу тапта ал кыргыздардын маданиятын иликтеп илимий ишин жазууда.
XS
SM
MD
LG