Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

Аким Өзгөн, Измир, Түркия Грузиядагы бийлик алмашуудан кийин башталган сайасий жарайан Түркийада дагы кеңири талкууларды жаратып, өзгөчө Баку-Жейхан-Тбилиси (БТЖ) мунай куурунун келечеги жөнүндө ар кыл пикирлер айтылып жатат.

Өткөн жумада Грузияда болгон сайасий алмашуулар жана бул Кавказ өлкөсүнүн тагдыры дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө буруп, өзгөчө түштүктөгү кошуна өлкө Түркийада кеңири талкууларды пайда кылды. Түркийада бул тууралуу жүрүп жаткан талкуулардын чордонунда, Тбилисидеги атала жүргөндөй “баркыт ыңкылаптын” кандай ишке ашкандыгы же өлкөнү мындан ары башкауучу лидерлердин өмүр байаны гана эмес, бул өлкөдөгү этностор аралык тең салмактуулук, борбордон качма тенденцийалар жана баарынан мурда Түркиянын өзү үчүн стратегийалык мааниси чоң Баку-Тбилиси-Жейхан мунай куурунун тагдыры тургандыгы байкалат.

2-ноябрдагы жалпы шайлоолорго мытаамдык мамиле жасалып, бурмалоолор арбын болгону тууралуу оппозицийадагы партийалар койгон дооматтан улам башталган атуулдук баш көтөрүү аракетинен кийин 1992-жылдан бери Грузияны башкарып келген саясатчы, СССРдин мурдагы тышкы иштер министри, КПССтин Сайасий Бүрөсүнүн мүчөсү, Грузин компартийасынын биринчи катчысы Эдуард Шеварднадзе бийликтен кетүүгө аргасыз калды.

“Мен эч качан өз элимди саткан эмесмин жана кыйын кезеңге салбайм; ошондуктан кызматтан чегинүүнү туура деп таптым” деген сөздөрү менен Грузиянын жакын тарыхындагы бир доорго чекит койгон Шеварднадзе, Кавказ аймагында Түркийага жакын дос болгон сайасий ишмерлердин бири эле. Бир учурда “Грузия Орусийанын түштүктөгү тумшугу эмес, Түркийанын түндүктөгү уландысы болуп эсептелет” , - деп айткан Шеварднадзенин бийликтен кетиши Түркийадагы айрым аналитиктер тарабынан Грузиядагы жаңы муундагы жетекчилердин чоң жеңиши катары бааланып жаткан менен, оппозицийанын бул жеңиши барып олтуруп, бул чакан Кавказ өлкөсүнүн ыдырап кетүүсүнө такап койор бекен? деп түкшүмөл ой айткандар дале жок эмес.

Түркийада коомчулукту, асиресе бийлик чөйрөлөрүн кабатырлантып жаткан маселелердин башкысы - бул Баку-Жейхан-Тбилиси (БТЖ) мунай куурунун тагдыры деп айттык; анткен себеби бул жерде сөз бир гана Түркийа бул куур аркылуу Азербайжандын мунайын батышка алып чыгуу аркылуу киргизе турган кирешесинин үстүндө эмес, Орто Азийа жумуруйаттарына чейинки жалпы региондун болочоктогу мунай сайасаттарына тийгизүүсү мүмкүн болгон таасиринин тагдыры жөнүндө болуп жатат.

Негизинде БТЖ мунай куур долбоору экономикалык жактан анча деле кайтарымдуу бир проект емес. Бул долбоор, Азербайжандын жана жалпысынан региондун мунай экспортунун Орусийага көзкаранды болуп калбастыгы үчүн АКШнын чоң колдоосу аркылуу ишке ашты. Ошондуктан «Грузиядагы кийинки чайпалуулардын соңунда кандайдыр-бир күтүлбөгөн сайасий ландшафт ортого чыга калабы?» деген күдүк суроо күн тартибинде курч койулуп жатат.

Грузиядагы бийлик алмашуусун “мезгилдин бышып жеткен талабы эле” деп жоругандардын көз карашында, алдыдагы шайлоолордо Батышка жакындыгы менен таанылган, ошондой эле айрым басма сөздөрдө жазылгандай “АКШнын жана Сорос Корунун колдоосуна ээ” сайасатчылар бийликке келүүсү күтүлгөндүктөн, БТЖ долбооруна доо кетпейт. Мындайча көз караштагыларды тастыктагандай болуп, Грузиянын убактылуу президенттик милдетин аткарган Нино Буржанадзе, БТЖ мунай долбоорунун келечегине кепилдик берген. Буржанадзе кечөөгүнү Тбилисиде, Азербайжандын мунай кендерине жооптуу эл аралык консорцийумдун төрагасы Давид Воодворд менен жолугуп, бул проекттин курулуш иштери эч кандай бир багыт алмаштырууга учурабастан мындан ары дагы улантыла берээрин билдирген. Бул жагынан алып караганда, Түркийа үчүн кабатырлана турган эч бир нерсе жок шекилдүү.

Ал эми, Грузиядагы окуйаларга этийаттуулук сезимдери менен сереп салгандар болсо, өзгөчө баркыт ыңкылаптан кийин күч алган “борбордон качма тенденцийалар” ансыз деле кылдын учунда турган аймактык тең салмактуулукту “чоң оюндун” күйүттө болуп келген актёру Орусийанын пайдасына оодара салуу мүмкүнчүлүгүнө апаздама берип жатышат. Алардын пикиринде, ушул жумада Москвада, Орусийанын тышкы иштер министри Игор Ивановдун Тбилисиге моюн толгоп баш ийбей келген Ажарийа, Абхазийа жана Түштүк Осетийанын жетекчилери менен айрым сүйлөшүүлөр өткөрүүсү жана Москванын Грузиядагы аскердик базаларынын мөөнөтүнүн узартылышын талап кылуусу жөнүндөгү кабарлар, Грузиянын тагдыры Тбилисиде эмес, Москвада чечилип жаткандыгын жорууга шарт түзүп олтурат. Ошондуктан, Азербайжанда Илхам Алийевдин президент катары тандалышы өңдүү Грузиядагы бийлик алмашууну дагы АКШ менен Орусийа жетекчилери бирге жүргүзгөн тымызын сайасаттын жемиши катары баалагандар мындай көз караштарын дагы бир жолу кайра карап чыгууга туура келүүсү ажеп эмес демекчибиз.
XS
SM
MD
LG