Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

КЫЗЫКТУУЛАР ДҮЙНӨСҮНДӨ


Айнура Жекше кызы АКШнын Канзас штатындагы Геуда Спрингс шаарчасынын тургундары жакында атайын буйрук менен үйлөрүндө тапанча же башка курал кармоого милдеттендирилет. Баш ийбегендерди 10 доллардык жаза күтөт. Ушул айдын башында шаардын кеңеши тийиштүү жобону бекитти. Буга негиз катары калаадагы полициянын жоктугу аталды. Ал эми АКШ конституциясысына Экинчи түзөтүүдө жарандар өздөрүн өзү коргоого жана курал-жарак кармоого укукту деп айтылат, - дейт шаар кеңешинин башчысы Жон Брювер. Жергиликтүү адвокат болсо мындай чарага каршы пикирин билдирип, кеңештин чечимин жокко чыгаруу аракетин көрүп жатат.

Дагы бир провиницалдуу шаардын мэри болсо бөтөн планеталардын тургундары менен байланышып тураарын айтат. Бразилиялык Элсио Берти Бразилия менен Перу ортосунда апта соңуна белгиленген матч учурунда башка планетанын кемесин мелдеш талаасына кондурууну пландаштырганын жарыялаялаган эле. Бирок бразилиялык футболчулардын коопсуздугу үчүн деп, кийинчирээк планынан баш тартты.
Мэр Берти өз шаарчасында бөтөн планеталардыктардын табышмактуу учуучу аппараттары үчүн атайын конуу тилкесин курууну каржылоодо.

Германиянын баш калаасында көчөлөрдү таза кармоонун жаңы ыкмасы киргизилүүдө. Берлиндин мэриясы келээрки жаздан тартып шаар көчөлөрүнө электроникалык 20 миң чакты таштанды челегин орнотууну көздөп жатат. Эми, эгереде Берлинде болуп калсаңыз, акыр-чикирди көчөгө таштабоого чакырып, ырдаган же сүйлөгөн челектерди көрсөңүздөр таң калбай эле коюңуздар. Ал эми туристтер өздөрүн үйдөгдөй сезиш үчүн айрымдары немисче “Данке” же “Рахматтын” ордуна, Сэнкью же Мерси деп, сизге ыраазылыгын билдирет.
Күн батареялары менен иштөөчү контейнерлер түн ичинде элди чочутпоо үчүн күндүз гана сүйлөөгө программалаштырылат.

55 жаштагы индиялык Барати Лал Гупта 16 жылдан бери ыктыярдуу түрдө кызыктуу бир коомдук кызмат өтөп келатат. Орозо маалында ал, микрофон менен үн күчөткүчтү көтөрүп алып, Лакноу шаарынын мусулмандар жашаган кварталын кыдырып, элди соорго ойготот. Балачагынан бери соордун маанисине чоң көңүл бурууга көнгөн Барати алгач анын демилгеси эки диндин тең өкүлдөрү тарабынан сын менен кабыл алынганын айтат. Бирок бара-бара эл ага көнүп, Баратини Сехри Вале Баба, же Соорго ойготуучу карыя деп атай баштады.

Таанымал Уолт Дисней компаниясы мультфилмдер менен шакаба сүрөттөрдүн же комикстердин белгилүү каарманы Микки Маустун 75 жылдыгын белгилеп жатат. Уолт Дисней Уорлддун Флоридадагы паркында балдардын сүймөнчүгүнө айланган чычкан Миккинин 75 метрлик айкели тургузулду.

Микки Маус алгачкы жолу экрандарда 1928-жылдын 18-ноябрында пайда болгон. Күлкүлү чычкандын ийгилиги Диснейге көп миллиарддуу оюн шоок империясын курууга мүмкүнчүлүк берди. Микки Маусту 140 мультифльмден тышкары, балдардын кийим кечесинде, оюнчук, идиш аяк, башка буюм-тайымдарда көрсө болот. Кыскасы, чычкан Микки кичинекей бөбөктөрдү ар бир жерде коштоп жүрөт.

XS
SM
MD
LG