Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Россия Түркмөнстанга каршы чара көргөнү жатат


МОСКВА. Түркмөнстандагы орус элчилигинин ишине чектөө киргизилгенине байланыштуу, Россия Ашхабадка каршы чара көргөнү жатат. Алгачында Ашхабад Россия менен Түркмөнстандын ортосунда кол койулган кош жарандуулук келишимин күчүнөн кетирип, Түркмөнстанда жашап жаткан миңдеген этник орустар менен орус тилдүүлөрдүн Россияга көчө баштоосуна түрткү болгон эле. Эми түркмөн жетекчилиги орус дипломаттарынын өлкө ичиндеги каттоосуна чектөө киргизди. Россиянын дипломаттары атайын уруксаатсыз өлкөдө ээн- эркин жүрө алышпайт. Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Алексей Федотов мындай чектөө Россиянын Түркмөнстандагы дипломатиялык миссиясынын ишине кедерги болуп жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG