Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Ирактын Башкаруучу Кеңеши бийликти өткөрүп алуу маселелерин талкуулап жатат


БАГДАД. Ирактын Башкаруу Кеңеши бийликти өткөрүп алуу маселелерин талкуулап жатат. Башкаруу Кеңешинин шии мүчөсү Ражаа Кузайдын айтымында, жыйын шии мусулмандардын диний башчысы Аятолла Али Систанинин талабы боюнча өткөрүлүп, анда өлкөнүн өткөөл өкмөтүн шайлай турган улуттук курултайга өкүлдөрдү тандоо системасы талкууланууда. Шиилердин жетекчилиги курултайдын өкүлдөрүн кыйыр шайлоого каршы чыгып жатышат. Бүгүнкү талкуунун жыйынктары жөнүндө Башкаруучу Кеңештин азыркы төрагасы Жалал Талабани Систанини өзү кабардар кылмакчы. Талабани Улуттук Куралтайга өкүлдөрдү шайлоонун бул ыкмасын бекиткен келишимге АКШнын Ирактагы администрациясынын башчысы Пол Бремер экөө 15-ноябрда кол койушканын билдирет.

XS
SM
MD
LG