Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:20

Грузиядагы кырдаал жакын арада курчушу мүмкүн


ТБИЛИСИ. Грузиядагы кырдаал жакын арада курчушу мүмкүн. Бул жөнүндө өлкөнүн жаңы ички иштер министри кечээ кечинде журналисттерге маалымдады. Георгий Барамидзе сөз өлкөнүн армиясы менен байланышы жок куралчан топтор жөнүндө болуп жатканын билдирди. Азаттыктын кабарчысы маалымдагадай, өткөн түнү лейбористтик партиянын кеңсесинин сыртында жардыруу болду. Андан имараттын терезелери сынып кеткен, бирок адамдар жабыркаган жок. Лейбористтик партиянын жетекчиси Давид Кекуа муну анын партиясына каршы террор башталгандыгы катары сыпаттады.

XS
SM
MD
LG