Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

«Дордойдогу» соодагерлер Казакстанга оойбу?


БИШКЕК. «Дордой» базарынын кесиптик уюмунун пикири боюнча, Кыргызстандын базарларындагы контейнерлерге кассалык аппараттардын орнотулушу чакан ишкерлердин коңшу Казакстанга ооп кетишин шартташы ыктымал. «Кыргызстан менен чектеш жайгашкан Георгиевка айылындагы (Казакстан) базардан жергиликтүү 500 ишкер контейнер сатып алышты», - деп билдирди «Дордойдун» бириккен кесиптик уюму. Бул агым күчөсө казына чоң өлчөмдөгү салыктан кол жуушу мүмкүн. Бирок, кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү мындай көз-карашты негизсиз деп эсептешет. Каржы министринин кирешелер комитетинин башчысынын орун басары Адылбек Касымалиевдин пикири боюнча, Казакстанга салыштырмалуу Кыргызстанда ишкерлер салыкты аз төлөшөт. Анын үстүнө «Дордойго» окшогон базарларда соода жасоону каалагандар көп. Кошумчалап койчу жагдай, өкмөттүн токтомуна ылайык 2004-жылдын 1-январынан тартып контейнерлердин товар жүгүртүүсү кассалык аппараттар аркылуу эсептеле баштайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG