Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:54

«Кыргызстан жаштар кыймылы» түзүлөт


БИШКЕК. 2-3-декабрда Бишкекте «Кыргызстан жаштары - өзгөрүү доорунда» деп аталган семинар өткөнү жатат. Жаштарды коомдук турмушка, саясатка көбүрөөк аралаштыруу максатын көздөгөн бул жыйынга жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын эксперттери, саясатчылар, саясат таануучулардын катышаары күтүлүүдө. Ушул эле семинарда «Кыргызстандын жаштар кыймылы» деп аталган бейөкмөт уюмду түзүү жана студенттик акыйкатчыларды шайлоо демилгелери да талкууланат. Бул иш-чара «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен ишке ашып жаткан «Дүйнөнү адамдар өзгөртөт» аттуу долбоордун алкагында өтөт. Долбоорго Демократиялык комиссия, «Сорос-Кыргызстан» жана «Демократияны колдоо» фонддору демөөрчүлүк кылууда. Долбоорго ылайык жалпысынан өлкөнүн 22 жеринде демократияны өнүктүрүү максатын көздөгөн ар кандай иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу долбоордун өкүлү Тимур Шейхудинов билдирди.

XS
SM
MD
LG