Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Кыргызстандык укук коргоочулар Нидерландияда маалымат жыйынын өткөрөт


БИШКЕК. 1-2-декабрь күндөрү Нидерландиянын Маастрих шаарында Эл аралык Хельсинки федерациясынын жыйыны өтөт. Ага катышуу максатында укук коргоочулар Болот Тыналиев, Вера Таранникова жана Жаныш Сулайманов ишемби күнү Нидерландияга жөнөп кетишти. Болот Тыналиевдин «Азаттыктын» кабарчысына билдиргенине караганда, ал Хельсинки федерациясынын жыйынына катышып сөз сүйлөп, Нидерландиянын Башкы прокуратурасына «Хивос» фондунун ишмердүүлүгүн текшерип көрүү өтүнүчү менен кайрылып, арыз жолдойт. Кыргызстандык укук коргоочулар андан тышкары маалымат жыйынын өткөрүшөт. Болот Тыналиевдин айтымында, жыйында «Хивос» уюму 1999-2001-жылдарда Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетине берген 465 миң доллар өлчөмүндөгү гранттын «Рамазан Дырылдаев тарабынан туура эмес пайдаланылганы» тууралуу айтылат. Ушул эле 1-2-декабрь күндөрү ошол эле Маастрих шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт. Ага Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Талант Кушчубеков баштаган делегация катышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG