Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

ДОНОРЛОР АДИЛЕТ БАШКАРУУ БОЮНЧА УЛУТТУК КЕҢЕШТИН ТҮЗҮЛҮШҮН КУБАТТАШАТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Жаңы түзүлгөн Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңештин төрагасы Николай Танаев жума күнү өлкөнүн донорлорунун өкүлдөрүн кабыл алып, кеңештин уюштуруу иштери жана иш-пландары тууралуу пикир алышты.

Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Кубанычбек Өмүралиевдин айтымында, донорлордун өкүлдөрү улуттук кеңештин түзүлүшүн кубатташты жана аны менен кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

- Алардын баары «бул убагында чыккан демилге» дешти. Биз чогуу иштешели дедик – дейт Кубанычбек Өмүралиев.

Донорлордун бир даары Кыргызстандын эл чарбасынын ар кандай тармактарында түздөн-түз ишкерлик кылышып, өлкөнүн башкаруу органдарындагы коррупцияны өздөрүнүн жон териси менен сезип келишет. Экинчилери болсо мамлекеттик башкаруу системасын изилдөөгө жана реформалоого байланыштуу долбоорлорду ишке ашырууга катышып, алар да кемчиликтерди жакшы билишет. Мисалы, Кыргызстанда коррупция өсүп кеткенин Дүйнөлүк банк биринчилерден болуп жар салып чыккан жана аны ишенимдүү фактылар менен далилдеген. Ошондон кийин гана коомчулук буга күнөм санабай калды жана ага каршы күрөш башталды. Дүйнөлүк банк кыргыз өкмөтүнүн административдик реформа жүргүзүү боюнча демилгесин колдоп, СISAC долдоорун каржылоо үчүн 9 млн. доллар бөлдү. Донорлор коррупцияны кыргыз бийлигинин айрым өкүлдөрүнө окшоп жашырбай, ачык эле айтып келишет.

- Мен мурдагы жолугушууларымда «өлкө мамлекеттик башкарууну реформа кылбай, коррупция менен күрөшпөй өзүнун экономикасын кескин жакшырта албайт, туруктуу өнүгүүнүн жолуна түшпөйт» деп көп жолу айткан болчумун, - дейт Эл аралык валюта корунун өкүлү Тапио Саавалайнен өлкөдө Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңештин түзүлүшүн кубаттап.

Ошондуктан, донорлорду Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңештин ишине тартуу мыйзамченемдүү көрүнүш. 15-октябрда болуп өткөн улуттук кеңештин отурумунда, анын алдында 9 адамдан турган Кеңеш берүүчү жыйын түзүү жана анын мүчөлөрүнүн үчөө өкмөттөн, экөө граждандык коомдун өкүлдөрүнөн, ал эми калган төртөө донорлордун өкүлдөрүнөн болсун деген чечим кабыл алынган. Коомдун ар кайсы катмарын камтыган Кеңеш берүүчү жыйын башкаруу системасынын натыйжалуулугун арттырууга багытталган сунуштарды Улуттук кеңешке берип турмакчы. Кубанычбек Өмүралиевдин айтымында, донорлор жума күнкү өкмөт башчы менен жолугушуусунда өздөрүнүн өкүлдөрүн аташты.

- Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Крис Лавлейс жана Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ежи Скуратович экөө көп тараптуу уюмдардан кирди. Эки тараптуу уюмдардан Кыргызстандагы Щвейцариялык жана Британиялык офистердин жетекчилери киришти, - деди Кубанычбек Өмүралиев. Донорлор андан тышкары, атайын жумушчу топ түзүшкөнүн, ал топко баардыгы катышып, өз ойлорун айтып турушарын, эгерде ал кандайдыр бир сунуш киргизгиси келсе, аны аталган 4 адам аркылуу берип турарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG