Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:42

КЫРГЫЗСТАН ЖУРНАЛИСТТЕРИНИН КЕСИПТИК КОШУНУ ЭТИКА КОДЕКСИН КАБЫЛ АЛДЫ


28-ноябрда Кыргызстан журналисттеринин кесиптик кошууну этика кодексин кабыл алды. Кодекс атуулдардын маалымат алуу укугун камсыз кылуу жана журналисттердин коом алдындагы кесиптик жоопкерчилигин жогорулатуу максатын көздөйт.

Кыргызстан журналисттеринин кесиптик кошууну Журналисттердин кесиптик кошундарынын эл аралык федерациясынын көмөгү менен 2002-жылы түзүлгөн. Максаты - журналисттердин укуктарын коргоо. Түзүлгөн кыска убакыттын ичинде бир катар журналисттердин укугун коргоп, кызматынан негизсиз бошотулган журналисттерди кайра ишке орноштуруп, кыскасы, сөз эркиндигин коргоо жаатында натыйжалуу иштерди жасады. Ошол эле маалда журналисттер өз укуктарын жана-милдеттерин так билбей, натыйжада, сөз эркиндигине доо кеткен жагдайлар көп. Ушундан улам өлкө боюнча тутумуна 200дөн ашуун журналист кирген кесиптик кошуундун Этика кодексин кабыл алуу зарылдыгы келип чыккан. Кесиптик кошуундун өкүлдөрү 9 беренеден турган кодекске журналистика жана маалымат таратуу боюнча эл аралык нормаларды жазып, аны так аткаруу милдетин алдыга коюшту. Кодекстеги башкы талаптар тууралуу «Журналист» коомдук бирикмесинин төрагасы Кубан Мамбеталиев мындай дейт:

- Журналисттердин эл аралык федерациясы алгачкы кодексти 1954-жылы Бордо деген шаарда кабыл алган. Андан кийин 1986-жылы өзгөртүү киргизип, ошол кодекс азыр үлгү катары кызмат кылат. Биз ошонун негизинде өзүбүздүн кодексти кабыл алдык. Коомдун чындыкты укканга укугу бар. Биз кодекстеги биринчи жобону ушундан баштадык. Журналисттин негизги милдети - коомдун ошол чындыкты укканга болгон укугун сыйлоо. Бул милдет болбосо журналисттердин да, массалык маалымат каражаттарынын да кереги жок. Алар коом үчүн кызмат кылып, коомго так жана чын маалыматты жеткириши керек. -

Кубан Мамбеталиевдин айтымында, андан тышкары кодексте коом үчүн маанилүү маалыматты адамдын бийлигине, байлыгына карабай таратууга журналистти милдеттендирген жобо да жазылды. Ага түрткү болгон жагдайлар тууралуу Кубан Мамбеталиев мындай деди:

Бизде буга негиз берген фактылар көп болгон. Маселен, Өзбекстандын учкучтары кыргыз айылына бомба таштаганда ошол маалыматты чочуп, толук берген эмеспиз. Мындан тышкары жетекчилерди сындаганда адатта алар «Эмне үчүн бизди сындайт, биз деле жөнөкөй адамбыз, укугубуз корголбой жатат» деп каршы болушат. Бул туура эмес. Себеби, алардын ар бир кадамы коом үчүн маанилүү. Алар - мамлекеттик бийликтин башында турган адамдар.

Буга чейин «Журналисттердин кесиптик этикалык кодекси» 1997-жылы Кыргызстан журналисттер союзунун демилгеси менен кабыл алынган. Андан кийин 1999-жылы «Журналист» коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн этика боюнча кодекси кабыл алынган. Аларда «журналисттин башкы милдети чындыкка кызмат кылуу» экендиги баса көрсөтүлгөн. Мындай жоболор ушул жылдын май айында кабыл алынган «Ысыккөл медиа-декларациясында» да камтылган. Кагазда жазылган мыкты талаптар иш жүзүндө толук аткарылабы? Аткарылбаса мындай жоболорду кабыл алуунун зарылдыгы барбы? «Агым» гезитинин ээси Мелис Эшимканов мына ушундай түпөйүл ойлорго жооп издейт:

- Конфуцийдин «Кайсы жерде мыйзам көп болсо, ошол жерде кылмыш көп жасалат» деген сөзү бар. Бул сөздү кыргыз журналистикасынын азыркы абалына байланыштырсак болот. Акыркы эки-үч жылда Кыргызстанда жайнаган кодекстер кабыл алынып, медиа-кеңештер, комиссиялар түзүлүп жатат. Ошенткен сайын, тескерисинче, журналистикада абал жыргап өзгөрүп кеткен жок. Өзгөрбөгөнүнө бир нече себептер бар. Анын биринчиси- совет доорунан калган ой-жүгүртүүбүз, бир орунда калган психологиябыз. Эгемендик алганы журналистиканын тышкы гана кыртышы, кебетеси өзгөрүп, ички мазмуну мурдагы эле калыбында калды. Экинчиси- бийлигин деле, оппозициясын деле карасаңыз, алар көзөмөлдөгөн, алар колдогон басма сөз каражаттары кожоюндардын музыкасы менен бийлөөгө мажбур болуп, журналисттердин түпкүлүктүү эркиндигин кимдир бирөөлөрдүн көзүн карап калуу жагдайы чынжырлап турат. Үчүнчү себеби- журналисттерди даярдаган жогорку окуу жайлардын деңгээли өтө төмөн. Мен жеке өзүм кодекстерге ишенбейм да, кызыкпайм. Себеби, мен алардан эч кандай майнап чыкпастыгына көзүм жеткен.

Мелис Эшимкановдун мындай оюна «Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиев макул эмес:

- Этика кодексинин саясатка да, экономикага да тиешеси жок. Этика кодекси түздөн-түз журналисттик кесипте иштеген адамга гана тиешелүү. Бул - журналисттин өзүнүн абийирине коюлган милдет, - дейт Кубан Мамбеталиев.
XS
SM
MD
LG