Линктер

бейшемби, 27-апрель, 2017 Бишкек убактысы 22:57

Ооганстандын башкалаасынан оор аскердик техника жана согушкерлер чыгарылып кетет


Кабулду демилитаризациялоо - Талибан режими бийликтен кулатылгандан кийин, 2001-жылдын соңунда Бонн шаарында жетишилген макулдашууда каралган шарттардын бири. Бирок анда бери мурдагы Түндүк альянстын өкүлү, учурдагы коргоо министри Мохаммед Фахимге жантарткан миңдеген согушкерлер оор аскердик техникасы, анын ичинде танкттары жана артиллериясы менен бирге Кабулда азыркыга чейин турат. Эми ооган коргоо министрлигинин өкүлү Мохаммед Захир Азиминин билдиргенине караганда, учурда атайын түзүлгөн комиссия согушкерлер менен курал -жарактарды топтоштуруп жана аларды кайсыл жерге жайгаштыруу маселесин чечүүнүн үстүндө иштөөдө. Аларды Кабулдан чыгарып кетүүнүн так мөөнөтү алдыдагы аптада жарыяланмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG