Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясына жана тышкы иштер министрлигине жаңы жетекчилер дайындалды


Өлкө парламентинин бүгүнкү чукул жыйынында БШКнын төрагалыгына бекитилген Зураб Чиаберашвили мурда "Адилет шайлоо үчүн" деп аталган бейөкмөттүк уюмдун жетекчиси эле. Аталган уюм 2-ноябрдагы парламенттик шайлоо учурунда өз алдынча иликтөө жүргүзүп, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын көргөзгөн фактыларды таап чыккан. Грузин парламенти бүгүн ошондой эле буга чейин өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеген Тедо Жапаридзени тышкы иштер министринин кызматына бекитти. Мунун аралыгында, Грузиянын Лейбористтик партиясы 4-январга белгиленген президенттик шайлоону байкоттоорун билдирди. Грузиянын жаңы бийлигин сынга алып жаткан лейбористтер 2-ноябрдагы парламенттик шайлоодо 4- орун алган. Мурдагы президент Эдуард Шеварднадзенин бийликтен кетишине алып келген ал шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Кечээ түнү Лейбористтик партиянын Тбилисидеги кеңсесинде жарылуу болуп, бирок эч ким жабыр тарткан эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG