Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Палестинанын расмий өкүлдөрү Израил менен символикалуу тынчтык келишимине кол коюу каадасына катышат


Адегенде палестин өкмөтү менен парламентинин экиден өкүлү символикалуу келишимге кол коюу каадасына катышпай турган болгон. Себеби, алар палестин автономиясынын лидери Ясир Арафаттан колдоо алган эмес. Соңку кабарларга караганда, Арафат алардын Женевага баруусуна уруксат берди. " Женева келишими " деген атка конгон документ Израилдин жана Палестинанын бир катар коомдук-саясий ишмерлери тарабынан даярдалган жана эки жактан тең буга чейин болуп көрбөгөндөй чегинүүлөрдү камтыйт. Ясир Арафат келишимди иш жүзүндө колдогону менен бул тууралуу расмий түрдө жарыя кылган эмес. Ал эми Израилдин өкмөт башчысы Ариэль Шарон келишимди төмөнкүчө баалады:
- Саясий чечимдер үчүн өкмөт гана сүйлөшүү жүргүзүп, келишимдерге кол койо алат. Ал келишим Израилди бүлгүнгө учуратат жана бул – катачылык.
Мунун аралыгында, АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча элчиси Уильям Бернс бүгүн Израилдин бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү. Тынчтык жараянын кайра жандандыруу максатында ал кечээ Иорданияда палестин өкмөт башчысы Ахмед Корейи менен кездешкен.

XS
SM
MD
LG