Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:36

“Ал-Арабия” телеканалы АКШнын айыптоосун четке какты


Апта башында Кошмо Штаттардын коргоо министри Дональд Рамсфелд аларда аталган телеканалдын Иракта коалицияга каршы согушуп жаткан партизандар менен байланышта тураарын көргөзгөн далилдер бар экенин айткан эле. Баш кеңсеси Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан телеканал бүгүнкү билдирүүсүндө АКШ коргоо министринин айткандары негизсиз экенин белгилөө менен аны ошол далилдерди ачыктоого же өз сөзүн кайра алууга чакырган. Өткөн дүйшөмбүдө Ирактын Башкаруу кеңеши да "ал-Арабияынын" Саддам Хусейндики делген аудиокайрылууларды обого чыгаруусу кол салууларга шыкакчы болуп жатканын жүйөө кылып, телеканалдын Иракта иштөөсүнө тыю салган. Журналисттерди коргоо боюнча Нью–Йоркто жайгашкан Эл аралык комитет мындай чечимди кескин сынга алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG