Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Испания жана Жапония Иракты калыбына келтирүү ишине катышууну улантат


Испаниянын жана Жапониянын премьер-министрлери Хосе Мария Азнар менен Дзюнитиро Коидзуми өз өлкөлөрүнүн Ирактагы кечээги жоготууларынан соң ушундай билдирүү жасашты. Испаниянын чалгын кызматынын жети өкүлү Багдад шаарында, ал эми Жапониянын эки дипломаты Тикрит шаарында киши колдуу болгон эле. Жапон өкмөт башчысы Д. Коидзуми:
- Жапониянын позициясы мурдагы эле бойдон калат. Коргоонуу күчтөрү, мамлекеттик кызматчылар, атуулдар болсун Иракты калыбына келтирүү үчүн талап кылынгандын баарын жасайт. Бирок,биз фактыларды тактап, кырдаалды иликтешибиз жана ал жерде коргонуу менен коопсуздукту жакшыртышыбыз керек.
Ирактагы кечээги кол салуулардан америкалык эки жоокер да каза тапкан эле. Ал эми бүгүн Түштүк Кореянын эки жана Колумбиянын бир атуулу ок жеп мерт болгон. Алар Иракта контракт менен иштеп жаткан адистерден болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG