Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:03

ФЕЛИКС КУЛОВ БОЮНЧА КООМДУК ТАЛКУУ ИМАРАТТЫН ЖОКТУГУНАН КИЙИНКИГЕ ЖЫЛДЫРЫЛДЫ


29-30-ноябрь күндөрү Бишкекте «Арнамыс» партиясынын азыр камакта жаткан лидери Феликс Куловдун иши боюнча коомдук талкуу өткөрүү болжолдонгон эле. «Арнамыс» партиясынын маалыматына караганда, Феликс Куловго байланыштуу жыйындын өтөөрүн уккандар жыйын өткөрүүчү имараттарды берүүдөн баш тартышкан жана ошол себептен коомдук талкууну өткөрүү кийинкиге жылдырылды.

«Арнамыс» партиясынын жетекчисинин орун басары Эмил Алиевдин айтымында, коомдук талкуу Феликс Куловду абактан чыгарууну талап кылган, 27-ноябрда өткөн пикеттин уландысы болмок. Бирок Бишкектеги жыйын өткөрүүгө ылайыктуу имараттардын жетекчилери Куловго байланыштуу жыйын өтөөрүн уккан соң имарат берүүдөн бүт бойдон баш тартышкан. Ошол себептен улам коомдук талкуу кийинкиге калды.

- «Коомдук талкууга каалаган атуулдар келип катышып, Феликс Кулов боюнча каалаган материал менен таанышып, анан ар ким өзүнчө жыйынтык чыгарса» дегенбиз. Биз ал үчүн 100дөй кишиге ылайык зал издедик. Бирок мамлекетке караган имараттарды бербей жатышат. «Мамлекетке баш ийбейт» деген акционердик коомдор деле «бизге кийин бийлик тарабынан куугунтук болот» деп, баш тартып жатышат.

Эмил Алиевдин сөзүнө караганда, элдик талкуунун негизги маскаты «Арнамыс» партиясынын жетекчисинин эч себепсиз түрмөдө отурганын адвокаттардын, бейөкмөт уюмдардын жана көз карандысыз саясатчылардын көз карашы менен талдоо болуп эсептелет.

- Прокуратуранын материалдары бар, соттун чечимдери деле бар, адвокаттардын сүйлөгөндөрү бар, Куловдун өзүнүн сөздөрү бар. Эл аларды угуп, окуп көрүп, «Феликс Куловдун күнөөсү барбы же жокпу?» деген суроого өздөрү жооп алса болот, - дейт Эмил Алиев.

Айта кетиш керек, Грузиядагы окуялардан кийин Кыргызстанда да оппозициянын жандануусу байкалгандай болду. 27-ноябрда, президент Аскар Акаев Норвегияда иш сапары менен жүргөн маалда Өкмөт Үйүнүн алдында «Феликс Куловго боштондук!» деген ураандын алдында пикет өттү. Нааразылык акциясы тууралуу дүйнөлүк коомчулук да кабардар болду. Алсак, Норвегиянын экология министри Берг Бренд президент Аскар Акаев менен жолуккан маалда Кыргызстандагы адам укуктарынын маселелерин бекеринен козгобогону белгилүү. Анткени, «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун лидери Төлөкан Исмаилованын айтымында, Кыргызстандын жетекчилиги дүйнөгө өлкөнү демократиялык республика катары таанытууну көздөгөнү менен, дале көп кемчиликтерден арыла элек.

- Биз – демократтар - талап кылып келаткан, аябай көйгөйүбүзгө тийген Аксы окуясына күнөөлүү адамдарды жазалап, бул маселени чечиш керек бул өкмөт, - дейт Төлөкан Исмаилова. - Эгер аны чече албаса, анда бул өкмөт кетиш керек. Экинчи маселе – бул Феликс Куловдун тагдыры. Эмне үчүн ушундай күчтүү оппонентти түрмөгө салышкан жана Кылмыш кодексинде аны күнөөлөй турган бир да берене жоктугуна карабай, эмнеге ал түрмөдө камалып отурушу керек!? Эмне үчүн Жогорку Сот көз карандысыздыгын көрсөтүп, бул ишти адилет карабайт, эмне үчүн Конституциялык Сот Феликс Куловдун ишине карата акыйкат чечим чыгарып бербейт!? Алардан жыйынтык болбостугуна көзүбүз жетип, биз иликтөө-изилдөө өткөрүп, «элдик талкууга салалы, угалы» деп жатабыз. Максатыбыз – Кыргызстанга насыяларды, гранттарды берген уюмдардын жана мамлекеттердин көңүлүн ушул маселеге дагы бир сыйра буруу. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, Мадлен Олбрайт Кыргызстанга келгенден бери эле Куловду бошотуу боюнча маселе эл аралык коомчулук тарабынан айтылып келатат. Бирок эмнегедир кыргыз бийлиги аны четке кагып эле, өз ишин жасап келатат.

Төлөкан Исмаилованын айтымында, Феликс Куловго байланыштуу коомдук талкуу жаңырган аптанын шаршемби-бейшемби күндөрүндө өтөөрү болжолдонууда.
XS
SM
MD
LG