Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Кыргызстандын инвестициялык абалы Нидерландияда каралат


БИШКЕК. 2004-жылдын февраль же март айында Нидерландияда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө арналган эл аралык конференция өтөт. Бул маалымат бүгүн вице-премьер министр Жоомарт Оторбаевден алынды. Мындай чечим Оторбаевдин өткөн жумада Нидерландияда болгон сапары учурунда бул өлкөнүн экономика министрлигинин башкы катчысы Бруинсма, тышкы иштер министрлигинин Европа департаментинин директору Тэр Хоорн менен жолугушуу учурунда кабыл алынды. Конференцияда Кыргызстанга Нидерландиядан инвестиция тартуу жана ал үчүн Кыргызстанда шарт түзүү тууралуу сөз болот. Жоомарт Оторбаевдин маалыматына караганда, Нидерландиянын инвесторлору Кыргызстандын айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүгө кызыкдар болуп жатышат.

XS
SM
MD
LG