Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

«Арнамысчылар» өз лидерин боштондукка чыгарууга аракеттенүүдө


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын жер-жерлердеги уюмдары партиянын азыр камакта жаткан лидери Феликс Куловду бошотуу максатында жыйындарды өткөрө баштады. Маселен, 30-ноябрда Сокулук районунун Кызылтуу айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын тургундары чогулуп, Куловду бошотуу өтүнүчү менен 222 кишинин колу коюлган катты мамлекет жетекчилигине жөнөттү. «Ушундай эле каттар облустардан да келатат», деп билдирди дүйшөмбү күнү «Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Абдысапар Баялиев. «Ал эми Феликс Куловдун ишине байланыштуу коомдук талкууну бейшемби-жума күндөрү өткөрүү күтүлүүдө», деп кошумчалады Баялиев.

XS
SM
MD
LG