Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫНЫН БАРКЫ КАНДАЙ?


Дүйшөмбүдө Эларалык изилдөө жана маалымат алмашуу кеңеши (IREX) Кыргызстандагы маалымдоо каражаттарынын быйылкы абалына арналган семинар өткөрдү. Ага журналисттер, редакторлор жана эксперттер катышты. Бул эларалык уюм жыл сайын демократияга багыт алган өлкөлөрдө сурамжылоо жүргүзөт. Бишкектеги семинардын катышуучулары Кыргызстанда маалымдоо каражаттарынын абалы кийинки жылдары кыйла оорлошуп кеткенин белгилешти.

Жыл кур эмес Эларалык изилдөө жана маалымат алмашуу кеңеши (IREX) демократияга кадам таштаган өлкөлөрдөгү маалымдоо каражаттарынын абалына байкоо салып, анын жыйынтыгын жарыялап турат. Бул иш-чара Кошмо штаттардын эларалык өнүгүү агентчилигинин көмөгү менен жүргүзүлөт. «Басма сөздүн 2003-жылдагы туруктуулук индекси» деп аталган программанын алкагында көз карандысыз адистердин, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн пикири иликтенет.

Эларалык изилдөө жана маалымат алмашуу кеңешинин (IREX) бул жолку жыйынына катышкан адистер жана журналисттер Кыргызстанда сөз эркиндигине мыйзамдык негиз түзүлгөнүн, ошого карабай, эркин маалымат каражаттары менен журналисттерге кысым соңку жылдарда кыйла күчөгөнүн белгилешти. Маалымдоо каражаттары сот аркылуу миллиондогон сомдук айып пулдарга жыгылып жабылаары жана коомдогу курч маселелерди тайманбай жазган журналисттер өтө эле саксынып калышканы айтылды.

Эларалык изилдөө жана маалымат алмашуу кеңешинин (IREX) эксперти Мархабат Тохтаходжаева айрым позициялар боюнча Кыргызстан мурдагы жылдарга салыштырмалуу артка жылгандыгын билдирди.

- Өткөн жылдагы жыйынтыкта Кыргызстан чөлкөм боюнча биринчи орунга чыккан. Бул жерде маалымат алуунун ар кандай мүмкүнчүлүгү түзүлгөнү белгиленген. Мына бүгүнкү пикир алышуудан көрүнгөндөй, айырмачылык, албетте, бар. Биринчи кезекте, гезиттердин нускасы азайып баратат. Курч маселе көтөргөн журналисттерге кысым көрсөтүү учурлары кездешет. Ошондон улам журналисттер этияттанып, чочулап атышканы арбын айтылды, - дейт Мархабат айым.

Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын өз алдынчалыкка жетишүүсүнө көбүнесе саясий-экономикалык себептер кедергисин тийгизүүдө. «Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиевдин айтымында, маалымат каражаттарынын үч жыл мурдагы көйгөйлөрү дагы эле чечиле элек.

- Үч жыл мурдагы маселелер бүгүн деле кайталанып атат, - дейт Кубан мырза. - Жылыш байкалып атканы менен, негизги көйгөйлөр дагы эле чечилбей келүүдө. «Мамлекеттик», «мамлекеттик эмес журналистика» деген түшүнүк калып атпайбы. Ошол экөөнүн ортосундагы тирешүү сакталып, өзгөрүүсүз калып атат. Гезит, радио-телекомпанияларга жеңилдик берүү, алардын салыгын азайтуу маселеси чечиле элек. Кошумча нарк салыгы жоюла элек. Шайлоо учурунда мамлекет маалымат каражаттарын мурда кандай пайдаланса, азыр деле ошондой пайдаланууда. Мамлекеттин басылмаларга, радио-телеге эч тиешеси болбошу керек. Ошондо гана биз көп курч маселелерди чече алабыз.

Эларалык «Интерньюс» уюмунун координатору Аделя Лаишева Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын абалы тууралуу бир беткей пикир айтыш кыйын дейт.

- Айрым пункттар боюнча биз артка кеттик, айрым жагдайлар боюнча дурус дегидей ахывалдабыз. Журналисттердин укугун коргоо жаатында биртоп иштер жасалды. Мисалы, журналисттер ассоциациясы түзүлдү. Журналисттерди сотко берүү күчөп кетти. Ал эми алардын сотто утулуп жатышынын бир себебин техникалык жабдуу жагынан артта калышыбызга байланыштуу го деп ойлойм. Эгер журналистте үнжазгыч, видео кассета болсо ал сотто ынанымдуу документ болмок. Анан да биздин журналисттерге укуктук билим жетишпейт, - дейт Аделя Лаишева.

Эркин басмакананын ачылышы менен эркин гезиттердин жүгү жеңилдеди деген пикир арбын айтылды. Ошону менен бирге, жыйында журналисттердин адистик билимин арттыруу жагында кыйла өксүктөр бар экени белгиленди. Жогорку окуу жайларында болочок журналисттердин терең билим алуусуна жетиштүү шарттар түзүлбөгөнү айтылды.
XS
SM
MD
LG