Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

2004-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИ КӨБӨЙТҮЛДҮ


Сапар Орозбаков, Бишкек Дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген отуруму өттү. Анда депутаттардын сунушун эске алуу менен өкмөт кайра эсептеп чыккан 2004- жылдын бюджетинин долбоору жактырылды жана аны жакында баштала турган палатанын сессиясына алып чыгуу тууралуу чечим кабыл алынды.

2004- жылдын бюджети Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынын күзгү сессиясынын биринчи этабында каралып, депутаттар аны биринчи окуудан кабыл алып беришкен болчу. Бирок алар бюджеттин киреше бөлүгүн 363 млн. сомго, чыгаша бөлүгүн 3 млрд. сомго көбөйтүү тууралуу сунуш киргизишкен. Комитеттин кеңейтилген отурумунда доклад жасаган финансы министри Болот Абилдаевдин маалыматына караганда, депутаттардын суроосу жарым- жартылай гана канааттандырылган:

- Киреше бөлүктү бекемдөө зарылчылдыгын эске алып, биз салыктан түшчү акчаларды 200 млн. сомго көбөйттүк.

Бирок ошол эле мезгилде Улуттук банктын кирешесинен жана башка булактардан түшчү акчалар 265 млн. сомго азайтылган. Чет өлкөлөрдөн түшчү кредиттер менен гранттар болсо, тескерисинче, 110 млн. сомго көбөйтүлгөн. Ошентип бюджеттин киреше бөлүгүнө депутаттар айткан 363 млн. сомдун ордуна 109 млн. сом кошулган. Ал эми бюджеттин чыгаша бөлүгү 284 млн. сомго көбөйтүлүп, кошумча пайда болгон 300 млн. сомго жакын акча депутаттар сураган тармактарга бөлүштүрүлгөн. Өткөн сессияда депутаттар мугалимдердин айлыгын 50% жогорулатуу тууралуу сунуш киргизишкен болчу. Өкмөт болсо аны бюджетке «30% көтөрүлөт» деп киргизген. Болгондо да эки бөлүп - 1-апрелде 15%, кийин 1-октябрда дагы 15% жогорулайт деп. Талкуунун жүрүшүндө көп депутаттар «антип экиге бөлүп отурбай эле, бир эле жолу көтөрүп койбойсуңарбы» дешти.

Депутат Тойгонбай Калматов бул сунуштун айтты:
- Биз муну мугалимдер менен дарыгерлер менен жолкукканда айттык. Алар «100% көтөргүлө» дешти. Биз «мамлекеттин бюджети тартыш, «жылкыңа карап ышкыр» болуп жатабыз, мындан артык көтөрө албайбыз» деп айттык. Менин оюмча, 1-апрелден тартып дароо эле 30% көтөрүү керек..

Финансы министри Болот Абилдаевдин жообу мындай болду :
- Эл аралык валюта корунун өкүлү «16-январда аткаруу комитетинин отуруму болот» деди. Ал «кредиторлор “эмне үчүн бул кедей мамлекет мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыгын кескин көтөрүп жатат” деп муну түшүнбөйт» деди. Ал жерде биздин куратор катары Тапио Саавалайнен чыгып сүйлөйт. Ал «мен антип айтсам, мени түшүнүшпөйт» деп жатат.

Андан тышкары депутаттар айыл-чарба продукцияларына киргизилген салыкты кайрадан алып салуу тууралуу маселени көтөрүштү. Депутаттардын айтымында, жер-жерлерде салык органдары субьектердин кирешесине жана үрөн же асыл тукум чарба экенине карабай кошулган наркка салык жыйнап жатышат.

- Мыйзам ишке кирди. Кошулган наркка салык жыйналып жатат. Биз токтомдо караган жеңилдиктер сакталбай жатат. Бүгүнкү күнү айыл чарбасында башаламандык болуп жатат, - деди депутат Самаган Маматов.

Бул маселе тууралуу өкмөт башчысы өз пикирин минтип билдирди:

- Эл аралык валюта кору менен бул тууралуу көп сөз болду, - деди Николай Танаев. - Алар макул болбой, 300 миң сом болсун дешкен. Мен аларды көндүрүп, «500 миң сомдон баштап кошулган наркка салык чогултулсун» деген токтомго кол койгом. Азыр дыйкан чарбаларын каттоо жүрүп жатат. Азыр ким 500 миң сомдук, ким 300 миң сомдук продукция өндүрөрүн аныктоо жүрүп жатат. Ошол эле токтомдо асыл тукум жана үрөн чарбалары да салыктан бошотулган. Салык органдары токтомду туура эмес түшүнүп, туура эмес колдонуп жатышы мүмкүн.

Депутаттар мындай талкуудан кийин бюджетти сессиянын кароосуна сунуш кылуу тууралуу чечим кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG