Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

Ирактагы ири кагылышууларда канча киши набыт болгону тактала элек


АКШ армиясынын ырастоосунда, Самарра шаарында Багдад кулагандан берки эң ири салгылашта 54 куралчан окко учту. Бирок жергиликтүү тургундар курмандыктардын саны мындан аз, бирок курман болгондордун көбү карапайым адамдар экендигин билдиришүүдө. Жергиликтүү ооруканалар сегиз карапайым киши өлгөнүн, 60тан ашыгы жарадар экендигин кабарлашты.

Америкалык полковник Фредерик Рудесхайм эки башка салгылашуу туурасында буларды билдирди:

- Биздин ишенимибизде, бул алдын-ала макулдашылып жасалды. Ирактык жаңы акчаны алып келээрибизди билип алышып, куралчандар биздин аскерий кербендер шаарга кирип, кайра чыгып баратканда буктурма даярдашкан.

Кечээ Хаббания шаарындагы дагы бир кагылышууда бир америкалык аскер окко учту. Анын аралыгында, Ирактын АКШ бекиткен Башкаруу кеңешинин жаңы жетекчиси болуп Абдел-Азиз ал-Хаким дайындалды. Ал-Хаким АКШнын Иракка суверендүүлүк берүү планына кастарын тиккен шийи мусулмандарынын жетекчиси катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG