Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

АРАБДАР ЖАНА ДЕМОКРАТИЯ


АКШ президенти Жорж Буштун Жакынкы Чыгышта демократияны жайылтуу боюнча жаңы демилгесинин мазмуну азырынча беймаалым. Бирок, Вашингтондун бардык араб өлкөлөрүн демократиялуу болууга шыктандыруу аракети чөлкөмдө кызуу талкууланып, түрдүү көз караштарды пайда кылууда.

Президент Жорж Буш ноябрь айынын башында сүйлөгөн сөзүндө, демократияны дүйнө өлкөлөрүнө, анын ичинде Жакынкы Чыгышта жана араб дүйнөсүндө жайылтам деп убада кылган эле.

Буштун сөзүн Перс булуңундагы өлкөлөрдүн гезиттери толук басып, кеңири талкууга алышты. Талкуу, Кувейттик саясый талдоочу Айед Маннанын сөзүнчө, араб окурмандарын Буштун планы кандайча ишке ашырылат деген суроо өзгөчө көп түйшөлткөнүн көрсөткөн:

- Адамдар: «Америкалыктар мындай демократияны жайылтуу үчүн эмне кылышы мүмкүн? Алар Ооганстан жана Ирактагыдай өлкөгө басып кирбейби?» деп сурашат. Ушул өңдүү суроолор адамдарды кооптондурат жана алдагыдай окуялардын кайталанышын алар каалашпайт.

Айед Манна сөзүн улап, андан ары мындай собол салат:

- Мисалы, Сирия кувейт элине дос мамлекет. Бирок, ошол эле мезгилде, Сирия демократиясыз өлкө. Буштун администрациясы Сириянын өкмөтүн демократиялаштыруу үчүн эмне кылышы мүмкүн?

Айрым талдоочулар Вашингтон аны менен мамилеси начар өлкөлөргө гана бул планды колдонот дешсе, экинчи бирөөлөр АКШ узак жылдар колдоп жүргөн режимдерге кысым жасоосун каалабайт, - деп санайт.

Айед Манна, мисалы, Вашингтон Европа Биримдиги менен чогуу араб өлкөлөрүн саясый-экономикалык жактан колдоп, алардын демократиялык реформаларды жүргүзүүсүнө көмөктөшсө, көпчүлүк өкмөттөр өзүн сактап калуу үчүн Батышка утуру кадам таштайт деген пикирде.

Бейруттагы Америка университетинин профессору Назар Хамсинин айтышынча, уруулук жана кландык мамилелер өкүм сүргөн арабдар демократияны жана бийликтин аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот органдары ортосунда бөлүнүүсүн чет элдик калпыс идея катары көрүшөт. Алар үчүн бийликти бөлүшүү башка бир урууга же кланга баш ийүү дегенди билдирет.

Ал тургай, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө конституция чегинде бийлик алмашуусу мүмкүн экенине ишенишпейт дейт профессор Хамси:

- Демократия элдин акыл-эс түшүнүгү эркин болуусу үчүн олуттуу өзгөрүү болушун талап кылат. Бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана коомчулук мыйзамга же конституцияга таянып жетишилген мунасанын негизинде эмес, уруулук, кландык жакындык аркылуу бийлик жүргүзгөнгө үйрөнүшкөн.

Ырас, бир кезде Батыш өлкөлөрүнүн башкаруусунда болгон араб мамлекеттери эл шайлаган президенти жана парламенти бар, маал-маал шайлоо өткөн демократиялуу республикага айлануу аракетин жасашууда. Ошондо да, шайлоо катуу көзөмөл астында өткөрүлөт жана парламент башкаруучу режимди гана тейлейт.

Көпчүлүк араб падышалыктарындагы “консултативдик жыйындар” монархтардын эркине мыйзамый түр берүүчү вазийпа үчүн пайдаланылат.

Талдоочулардын айтымында, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө демократиялык өзгөрүүлөр болуусу үчүн коомдук аң-сезимди өзгөртүүдөн башка да конституцияны жана шайлоонун жол-жоболорун өзгөртүү зарыл. Анда да, оболу араб дүйнөсүнө демократиянын кандай формасы зарыл экенин тактап алуу шарт.
Себеби, Батышта билим алган арабдар Европанын жана Американын динден тыш бийлик системаларын орнотуу керек дешет. Ал эми “ислам демократиясын” курууну каалаган исламчылардын максаты башка. Алардын максаты жөнүндө кувейттик журналист Маннанын пикири:

- Исламчылар өз идеологиясына ылайыктуу демократиянын өзгөчө формасын курууну көздөшөт. Бул өтө коркунучтуу. Анткени, аны демократиялуу дүйнө макул көрбөйт. Демократия - бул улуттун эркин, мыйзамды түшүндүрөт жана андай конституция динге, айрыкча, ишеним эркиндигине кайчы келип калышы ыктымал. Эгерде демократия болсо, ал европалык менен америкалык демократияга окшош болуш керек.

Бирок, профессор Хамси сындуу талдоочулар араб өлкөлөрүндө исламсыз демократия болушу мүмкүн эмес деген пикирде. Ушундай түшүнүктөн улам, айрым арабдар демократияны саясый системага катар жашоонун жолойу, андай жашоо ыкмасы - түрдүү диндер ортосундагы кагылышууларга түрткү болууда деп түшүнүшөт.
XS
SM
MD
LG