Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

ФРАНЦИЯ ӨЗӨКТҮК СИНТЕЗ ДОЛБООРУН ӨЗ АЙМАГЫНДА ЖАЙГАШТЫРУУНУ КААЛАЙТ


Европа Биримдигинин отун тармагын тейлөөчү министрлери адамзаттын отун менен камсыз кылынышын жаңы бийиктикке чыгарууга талаптанган эл аралык жаңы долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн жай катары Франциядагы Кадараш аймагынын талапкердигин сунуш кылууда. Долбоор өзөктүк синтез аркылуу электр кубатын өндүрүү жолдорун иликтөөнү максат кылмакчы.

Деги, адамзат өзүнүн отун-суу маселесин оңой-олтоң чече турган түбөлүктүү каражат таба албаса керек. Ошондой болсо да, адам баласы отун менен камсыз кылуунун улам жаңы аргаларын издөөдөн тажабастыгы да анык.

Тээ өткөн кылымдын 50-жылдары өзөктүк отун өнөр жайы жолго коюлганда, кишилердин чечекейи чеч болуп, эми отун маселеси биротоло чечилет ко деп санашкан. Ошондон тартып, азыркыга чейин колдонулуп келген алдыңкы өзөктүк технология – атомдун өзөктүк бөлүнүүсүнөн келип чыккан жылуулукту пайдаланууга негизделген. Анын өтө олуттуу кесепети - өтө жогорку радиоактивдүү таштандылардын пайда болушу. Мындай таштандынын кесепетин Кыргызстанда да, Чернобыл кырсыгына кириптер болгон Украинада да жакшы билишет.

Дал ушул терс жагдайлардан улам, экологдор өзөктүк электр ишканаларынан баш тартууга чакырышууда. Өзөктүк отун идеясынын келечеги кең болбой тургандай сыяктанып калган чакта, илимпоздор отун менен камсыздоочу өзөктүк технологиянын таптакыр жаңы усулун сунуш кылышты. Ал – мурдагыдай өзөктүк бөлүнүүгө эмес, тескерисинче, өзөктүк синтезге негизделген усул.

Голландиядагы Отун кубатын иликтөө борборунун өкүлү Йаап ван дер Лаан бул жаңы технологиянын артыкчылыктары тууралуу мындай дейт:

- Өзөктүк синтездин өзөктүк бөлүнүүдөн бир канча артыкчылыгы бар. Маселен, биз өтө радиоактивдүү жана өтө тыгыз отун менен алпурушпайбыз. Бул жаңы отун эч кандай таштанды чыгарбастан, толугу менен күйүп кетет. Анын үстүнө, реактордогу отундун көлөмү да кымындай эле болот. Аны тонналап эмес, граммдап өлчөөгө туура келет.

Өзөктүк синтез – Күнгө жана башка жылдыздарга кубат берчү булак болуп саналат. Суутек сыяктуу өтө жеңил элементтердин өзөктүк бөлүкчөлөрү бири-бири менен жуурулушканда, Целсий өлчөмү менен эсептегенде 100 миллион даражага чейинки жогорку температурадагы жылуулук бөлүнөт.

Бирок шашпаңыз, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр жана алардан тышкары АКШ, Канада, Жапония, Кытай жана Орусия биргелешип жүзөгө ашырууга белсенген долбоор - өзөктүк электр кубатын өндүрчү жаңы ишкана эмес, тек гана бул технологияны ийисине жеткире иликтөөнү максат кылган илимий долбоор.

Экологдор болсо өзөктүк кубат өндүрүүнүн жаңы технологиясына да шектенүү менен мамиле кылууда. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында таанымал “Гриинпиис” уюмунун адиси Йан ван де Путте:

- Бул иликтөө өтө көп каражат талап кылат. Биз мында он миллиард евро тууралуу сөз кылып жатабыз. Иликтөөдөн кийин деги мындай өзөктүк синтез долбоору кардарларга электр тогун сунуш кылууга жарайбы, буга шегим бар. Анын үстүнө, электр тогун иштеп чыкчу алгачкы өзөктүк синтез реакторун ишке киргизүү 2050-2060-жылдарга чейинки мезгилде күтүлбөйт.

Йан ван де Путтенин оюнча, мынчалык көп акча каражатын шамалдан жана күн нурунан электр кубатын өндүрүү сыяктуу усулдарга жумшоо алда канча пайдалуу болмок.

Европа Биримдигинин отун-кубат тармагын тейлөөчү министрлери эл аралык жаңы долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн жай катары Франциядагы Кадараш (Cadarache) аймагынын талапкердигин сунуш кылууда. Жапония менен Канада да бул долбоорду өз аймагында жайгаштыргысы келет. Долбоор жайгашчу жай жаңы жылга чейин аныкталууга тийиш.
XS
SM
MD
LG