Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

АКЫЙКАТЧЫГА КАНДАЙ МАСЕЛЕЛЕР МЕНЕН КӨБҮРӨӨК КАЙРЫЛЫШАТ ЖАНА АЛАР КАНДАЙЧА ЧЕЧИЛҮҮДӨ?


13-декабрда Кыргызстандын Акыйкатчысынын ант берип, иштей баштаганына бир жыл толот. Бул аралыкта Акыйкатчынын кеңсесине атуулдардан 8 миңден ашуун кайрылуу түшкөн.

Кыргызстандын биринчи Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу ант бергенден бери бир жылга жакын убакыт өттү. Бирок, Акыйкатчынын баш мекемеси имаратка жетишип, толук кандуу иштей баштаганына көп деле убакыт боло элек. Анын облустардагы өкүлчүлүктөрү да жакында эле ачылды. Кыскасы, бул жылы кызматкерлер уюштуруу иштерине көп алаксышты. Ошол эле маалда чындык издеп, зор үмүт менен Акыйкатчыга кайрылган, маселеси чечилип, маңдайы жарыла сүйүнгөн адамдардын саны да аз эмес. Ага Турсунбай Бакир уулунун наамына жазылган жылуу каттар да далил. Акыйкатчынын аппарат жетекчисинин орун басары Замир Андашбаевдин айтымында, 1-декабрга карата Акыйкатчыга 8161 атуулдан арыз түшкөн.

- 5621 атуул кат жүзүндө, 2540 адам оозеки кайрылган. Акыйкатчы өзү 768 адамды кабал алып, маселесин чечкен.

Замир Андашбаевдин маалыматына караганда, айрыкча, соттун чечимине нааразы болуп кайрылгандар көп. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын ишине, так айтканда, милиция, прокуратуранын кызматкерлеринин үстүнөн көп арыздар түшкөн. Алардын саны – 1727. «Бул көрүнүш – «адам укуктарын бузгандар кимдер» деген суроого жакшы жооп» дешет Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери.

- Арыздардын көбү сотторго, прокурорлорго жана милицияга нааразы болгондордон келип жатат.

Быйыл 24-октябрда Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайга барып, камакта жаткан адамдардын тагдырлары менен таанышканда мыйзамга туура келбеген бир катар фактыларды аныкташкан.

- Камакта жаткандардын укуктары бузулуп жатыптыр. Алсак, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү айыпкер Балабаковду Кылмыш кодексинин 234-беренесинин 1-пукту боюнча 17-июндан тартып тергөөнүн мөөнөтүн узарткан эмес. Бул – мыйзам бузгандык. Жалаң эле милиция кызматкерлери эмес, прокурорлор да камактагылардын укуктарын бузуп жатышат. Алсак, Чүй районунун прокурорлору айыпкерлер Ибраимов, Сариевдердин отурган мөөнөтүн 19-июндан бери узартышкан эмеc. Соттор дагы кармалгандардын укуктарын бузган учурлар арбын, - деди Акыйкатчынын аппаратынын убактылуу кармоочу жайда камакта жаткан адамдардын укуктарын коргоо секторунун өкүлү Токтомуш Осмонов.

Акыйкатчынын кызматкерлери мындай маселелерди чечкенге көмөк көрсөтүшүүдө. Замир Андашбаев Бишкектин тургуну, Баткен согушунун катышуучусу подполковник Петр Павловдун арызы каралып, оң чечилген деп анын арызын өрнөктүү мисал катары айта кетти:

- Петр Павлов Кыргыз архитектура жана курулуш университетинин аскер кафедрасында иштеп турганда кызматынан мыйзамсыз бошотулган. Биз кийлигишип, аны кызматка кайра орноштурууга көмөктөшүп жатабыз.

Подполковник Петр Павловду кызматтан “жашың 45 келди” деп, пенсия чектебей туруп кызматтан бошотуп коюшкан. Мындай чечимди Бишкек шаардык аскердик соту чыгарган. Бирок, андай чечимди Республикалык аскер соту бузган.

Биз Петр Павловдун өзүнө жолугуп, «Жогорку аскердик соттун сиздин пайдаңызга чечим кабыл алышына Акыйкатчынын аппаратынын кандай таасири тийди?» деген суроо узаттык. Петр Павлов «менин маселем боюнча көз карандысыз ой-пикирин Акыйкатчы Жогорку соттун чечимине чейин берет деп ойлогом, анын үстүнө мага Коргоо министринин наамына жөнөтүлгөн каттын бир көчүрмөсүн берүү менен гана чектелишти» дейт:

- Акыр-аягында мага кагаз беришти. Бирок, мен аны мурда эле алам го деп ойлогом. Соттун чечиминен кийин гана беришти.

Акыйкатчынын аппарат башчысынын орун басары Замир Андашбаев болсо: «Тергөөнүн жана соттун жүрүшүнө Акыйкатчынын аппараты кийлигише албайт, анткени, мыйзамда ушундай каралган. Бирок, соттун жүрүшүнө Акыйкатчынын өкүлүнүн катышып отурганы оң натыйжаларды берет экен, анын бир далили - ошол эле Петр Павловдун ишинин чечилип жатканы», - деген жообун айтты.
XS
SM
MD
LG