Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:31

ОРУСИЯ: ЖАШТАР ЖАНА САЯСАТ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Акыркы 10-15 жыл ичинде мурдагы Советтер Бирдигинин аймагында улуу муундан өзүнүн саясий көз-караштары жана баалуулуктары менен кескин айырмаланган жаңы муун өсүп жетилди. Бүгүн биз орусиялык жаштардын саясат майданында ээлеген орду туралуу кеп кылмакчыбыз.

Орусиянын бүгүнкү жаш саясатчылары - Советтер Бирдиги кулаган кезде жогорку окуу жайлардын босогосун эми гана аттаган студенттер же университеттерди бүтүргөндөр деп экиге бөлүп карасак болот. Советтик күчтүү авторитардык саясий режимден демократияга жол алган көз карандысыз Шериктеш мамлекеттердин акыркы он жыл ичиндеги өнүгүү жолу, изилдөөчүлөр айтымдарында, аларда өсүп келаткан жаш муундун аң-сезимине болуп көрбөгөндөй чоң таасир калтырды. Кечээки саясий баалуулуктар менен бийликке карата көз-караш бүгүн эле такыр башкача өңүттө таанылып, ага карата мамиле да, саясат сахнасында бийлөөнүн тартиби да өзгөрдү.

Дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен карым-катнаш күчөп, жаштар аларда билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Интернет – дүйнөлүк байланыш түйүнүнүн пайда болушу менен биринчи кезекте жаштардын маалымат алуусуна жана бири-бири менен пикир-алмашуусуна кедерги боло турган «дубалдар» калбай калды.

Ошол эле учурда КМШнын башка мамлекеттериндей эле Орусия да баштан кечирген оор экономикалык кризис, элдин социалдык деңгээлинин кескин төмөндөп кетиши калктын басымдуу бөлүгүндө көңүл чөгүүнүн, башкача айтканда оор депрессиянын күчөөсүнө түрткү болду.

«1994-2000-жылдар аралыгында Орусияда өткөрүлө баштаган парламенттик да, президенттик да шайлоолордо жаштардын добушу үчүн күрөш күчөгөндөн-күчөй берди. Бирок, саясатчылардын катары жаштар менен толукталган жок», - деп эсептейт жазуучу Александр Проханов:

- Ошол тапта бийлик тараптан жаштарды саясий проблемалардан, идеологиядан, ошондой эле маданияттан четтетүү аракеттери көрүлгөн. Жаштарга саясаттын ордуна эстетика жана көңүл ачуу менен алектенүү керектиги өңдүү чакырыктар айтыла баштаган. Анткен менен ошол кездеги саясатчылар жаштарга сунуш кылган бул система көпкө жашай албай тургандыгын далилдеп, беш-алты жылдан кийин жагдай табигый түрдө өзгөрдү.

Орусияда өткөн 1996-жылдагы президенттик шайлоо учурунда негизги басым жаштарга жасалган эле. Анда талапкерлердин бири - Борис Ельциндин жеңишин аныктаган 13% добуш дээрлик толугу менен жаштар тарабынан берилгендиги маалым. Алардын добушу жаштар саясатта маанилүү орунду ээлей тургандыгын көрсөттү.

Ушул жуманын этегинде өтүүсү күтүлүп жаткан парламенттик шайлоодо ат салышуучу саясий партиялардын ичинде «Яблоко» жана СПС оңчул партияларынын да жаштар проблемаларына жасаган басымы күчтүү. «Яблоконун» жаштар уюмун жетектеген Илья Яшиндин айтымында, уюмга тартылып жатышкан жаштардын көпчүлүк бөлүгүн студенттер, билимдүү жаштар түзүшөт:

- Алар өз мамлекетинин саясий турмушуна жигердүү катышуу менен чечим кабыл алууда өз салымын кошо ала тургандыктарына ишенишет.

Ал эми расмий бийликке карата оппозицияда турган Коммунисттер партиясы өз катарына жаштарды тартуу үчүн «бүгүнкү турмуш багытын өзгөртүү максаты менен биригебиз!» деген ураанды көтөрүп чыгышты.

- Биз жаштарга кайрылып: «Кимге бүгүнкү жашоо нугу жакпаса, ал мамлекетте реалдуу аракеттерди көрө ала турган жалгыз оппозициялык күч катары бизге кошулушу керек!» деп чакырабыз. 1991-жылы, балким, экономикалык төңкөрүш болгондур, анын мүнөзү өзгөргөндүр, бирок жалпы жумуриятты башкарып турган элитанын катары өзгөргөн жок. Аны бүгүн жаңыча ойлонуп, жаңыча өзгөртө ала турган адамдар менен алмаштыруу абзел. Мындай адамдар бизге келишет, - дейт КПРФ-Коммунисттик партиясынын өкүлү Илья Пономарев.

Байкоочулар баамында, орус жаштарынын саясатка карата мамилеси бирдей деңгээлде эмес. Бул көрсөткүч жумурияттагы саясий окуялардын күчү менен кээде жогорулап, а кээде басаңдап турат. Коом пикирин изилдоочу «Орто орус консалтинг борбору» маалымдагандай, 2000-жылы парламенттик шайлоодон кийин февраль айында жүргүзүлгөн сурамжылоо учурунда суралган жаштардардын 17% гана саясатка кызыга тургандыктарын айтышкан эле. Ал эми арадан эки жыл өтүп, 2002-жылдын жазында алардын саны 47%га чейин өстү.

Анткен менен аналитиктер 7-декабрда өтүүчү парламенттик шайлоодо да жаштардын басымдуу бөлүгү эч кайсы партияга добуш бербей коюшу ыктымал деп жоромол кылышат.
XS
SM
MD
LG